Терминологиялык комиссиянын жыйыны болду

2022-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Терминологиялык комиссиянын жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, төраганын орун басары Ж. Орозобекова, “Кыргыз энциклопедия жана терминология” борборунун директору-башкы редактор Н. Маражапова, терминология жана ономастика бөлүмүнүн башчынын м.а. Т. Курманалиева, жетектөөчү адис Л. Уркунбаева жана Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү катышты.

Жыйындын максаты: 

1.Терминологиялык комиссиянын курамы менен таанышуу. 

2. Курамды Кыргыз Республикасынын Терминологиялык комиссиясы жөнүндөгү жобо жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик терминологиялык иштерди жана терминдерди бирдейлештирүүнүн концепциясы менен тааныштыруу.

Терминологиялык комиссиянын ишин уюштурууда алдыга койгон максаттарга жетүү үчүн Терминологиялык комиссиянын мүчөлөрү өз сунуш-пикирлерин ортого салышты. Алардын негизги милдеттери, функциялары жана укуктары талкууланды.

Архив