Каныбек Осмоналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: «"Физик тилди билеби?" деген керооздорго жооп иретинде татыктуу иштеп жатабыз»

Каныбек Осмоналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: «"Физик тилди билеби?" деген керооздорго жооп иретинде татыктуу иштеп жатабыз»       

- Сиз КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалганда "физик  кантип тилдин кадырын көтөрмөк эле" дегендер четтен чыккан. Бирок турмуш чындыгында сиз тилге күйөөрүңүздү далилдеп жатасыз. Тилди сүйүш үчүн сөзсүз эле тилчи болуш керек эмес да, туурабы?

- Мени Президентибиз Садыр Нургожоевич өзү ушул жылдын 30-апрелинде чакырып алып, аталган кызматты башкарып берүү сунушу менен кайрылды. Мен үчүн албетте, бул сунуш күтүүсүз болду. Өзүм физик-математик болсом, ансыз деле оппоненттер кадр маселесин катуу сындап жатканда "дагы бир баш оорунун кереги барбы" дегендей пикиримди айттым. Президент кунт коюп угуу менен өзүнүн оюн бекемдегендей кылып, "азыр ал жерге тажрыйбалуу менеджер керектигин" ишенимдүү айтты. Макул болдум. Болгону ушул. Мени  эч бир саясий күч же топ сунуш кылган жок. Турмуш жолумда ректор, министрдин орун басары жана министр болдум. Деги эле өзүм жүгүрүп кызмат сурап акмалаган жан эмесмин. Ар дайым жогорку жооптуу кызматтагы инсандардын сунуштары менен кызмат орундарын аркалап келем. Дагы бир кызык окуя 2008-жылы болгон. Ал кездеги президент Курманбек Бакиев мени Билим берүү жана илим министрлигинен Дин агенттигине башчы кылып которгон. Ошондо дагы менин менеджерлик сапатыма басым жасалган. Дин саясатына баш-отум менен кирип, жаңы базалык мыйзамды кабыл алдырып, катуу иштегенбиз.

Мен үчүн биринчи кезекте катуу эмгек тартип маселеси маанилүү. Анан, албетте, кадр саясаты. "Кадрлар баарын чечет"-  деген учкай сөз эң туура! Тилекке каршы, бул комиссияда дагы аталган маселе өтө эле кейиштүү экен. Азыр кайрадан аттестация уюштуруп жатабыз! Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө "Кыргызтесттен" сынак өтүү маселеси убагында  Өкмөттүн Токтому менен мерчемделген.  Анын А1, А2, В1, В2, жана С1 өңдүү деңгээлдик категориялары бар. Мен үлгү катары өзүм С1 деңгээлин 22-июль күнү ийгиликтүү тапшырдым. Орточо көрсөткүчүм 83,6% болду. Менден мурдагы башчылар тесттен өтүшкөн эмес экен. Ошондуктан салыштырууга эч кандай репердик чекит жок. Бирок мени "физик тилди билеби" деген кээ бир керооздорго жакшы эле жооп болгондой го? Ошентип, азыр борбордук аппаратта иштегендердин баардыгы С1 деңгээлинде тест тапшыруу милдеттери турат. Мен баарына ийгилик гана каалайм. Ким татыктуу тапшырса иштейт! Биз өзүбүз кыргыз тилин сабаттуу билсек гана, башкалардан талап кылабыз да, туурабы?

- Баса, иш кагаздардын баары кыргыз тилине өтө баштадыбы? Ар бир мамлекеттик кызматкер кыргыз тилинен тест тапшырып жатабы?

- Ооба. Биз Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары Байсалов Эдиль Жолдубаевичтин сунушу менен Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынганынын 33 жылдыгын утурлай бир айлык жарыяладык. Ал мөөнөт 23-августтан 23-сентябрга чейин болду. Өкмөт үйүнүн чоң залында баардык министрлер менен ведомстволордун орун басарларынын катышуусу менен жыйналыш уюштурулду. Ар биринин катышуусу менен аткарылуучу иш-чаралардын 30 топтому талкууланды жана кабыл алынды. Ошол эле күнү биз, баардык сунуштарды жалпылап Эдиль Жолдубаевичке кол койдуруп таратып жибердик. Биздин комиссия тарабынан ар бирине кураторлор дайындалып, алардын иш-аракеттери жана функциялары аныкталды. Негизги максат, менчик формасына карабай баардык мекеме-ишканалар иш-кагаздарын Мамлекеттик тилде гана аткаруу милдети турат. Биз, мындай маанилүү иштин башталышын 1-сентябрдан деп белгилегенбиз.   

Буюрса, иш-кагаздарынын эне тилибизде гана жазылышынын чоң этабы башталды! Биздин кошуналар бул маселени эчак эле чечип коюшкан! Мамлекеттик тилдин жагымдуулугуна жана жугумдуулугуна зор өбөлгө түзө турган дагы бир өтө маанилүү жумушту иш жүзүнө аткарып жатабыз. Ал кыргыз тилин "Жасалма интеллект" формасына жалгоо вазийпасы.  Тилибиз электрондук форматта сүйлөй баштайт. Анын мүмкүнчүлүктөрү укмуш кеңейет. Жаштар ушуну гана каалап тургандыктары баарыбызга түшүнүктүү. Азыр, балдар үчүн анимациялык фильмдер өтө керек болуп турат. Бул деген улуттук идеология! Жаштарды өзүнө оп тартып ала турган заманбап кинофильмдердин кыргыз тилине которуу аракеттери дагы ошол программага камтылган.  Бул боюнча биздин өнөктөштөрүбүз КТРК, ЭлТР, Маданият жана Билим берүү   министрликтери.  Ачыгын айтуу керек, бул жаатта, баягы эле эски адат орун алып жатат. Кенебестик, оонабастык же ведомстволук кызыкчылыктар! Бирок, биз, алардын жанын койбой катуу иштешебиз. Сөз улутубуздун келечеги жөнүндө болуп жатат! Мында бири-бирибизге "сизиң-бизиң" дей турган чамабыз жок! Президенттин катуу позициясы биздин ишти ишенимдүү иш алып барууга жол ачат. Менин жетекчилигим менен Кыргызстандын облустарын 21 күн түп көтөрө кыдырып, иш-кагаздарынын абалын тыкыр изилдеп келдик. Жыйынтыгын баардык облус жетекчилеринин катышуулары менен активдеринин астында кашкайтып көрсөттүк. Бул көрсөткүчтөр боюнча, Бишкек жана Ош шаарлары менен Чүй облусунда көйгөйлөр арбын! Аналитикалык иликтөө жыйынтыктарын  сунуштар менен кошо Президенттик админстрацияга жөнөттүк. Мындан сырткары, Президенттин жекече талабы менен Президенттин админстрациясы, Жогорку Кеңештин аппараты жана бир топ министрликтер менен ведомстволордо иш-кагаздары боюнча мониторинг жүрүп жатат. Эмгек, миграция жана социалдык коргоо министрлигинин борбордук аппараты жат-жазуу (диктант) жазышты. Жыйынтыгы даяр. Жакында жарыя кылабыз! График боюнча баардык инстанциялар бир айлык иш-чаранын алкагында бул сынактан өтүшөт. Андан кийин мыйзам талабы боюнча Президенттин админстрациясы тарабынан тиешелүү жыйынтыктар чыгат, уюштуруу чаралары көрүлөт. Баардыгы график боюнча мамтилден тест тапшырышты.

- Азыр ар бир орус мектеп кыргыз классын ачышты. Бул тилге маани бериле баштаганын далилдейби? Эмне кылсак Кыргызстанда кыргыз тили кор  болбойт?

- Биринчи эле Президентибиздин саясий эрки бар экендигин ачык айтып коюум парз. Ал киши талапты катуу коюп мага эскертүү берип, шыкактап жатат! Бирок, баягы көндүм болгон стереотиптин азабына малынган  кээ бир инстанцияларга жетпей жаткандай. Катуу талаптар менен иш алып барабыз!  Билим берүүнү түп тамырынан бери өзгөртүү талап кылынат. Бала-бакчалар  менен башталгыч класстарга өзгөчө көңүл бурсак гана тилди калыптандыра алабыз. Баланын тили кыргызча чыгышы керек! Бул ата-эненин ыйык милдети! Анан окутуу-тарбиялоо мекемелери эстафета катары колго алуусу абзел! Буга жапа-тырмак киришүү жолу менен гана ийгиликке жетише алабыз. Азыр обу-жок эле болуп, балдарыбыздын келечегине балта чапкан ата-энелер көбөйдү. Келечекте кыргыз тилинде сүйлөй албагандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка иштей албай турган жагдайлар орун алат. Азыр эле башталды. Муну түшүнгөн ата-энелер балдарын кыргыз мектептерге беришип, жоопкерчиликтүү аракеттерге киришишти. Башка улуттагы мекендештердин балдарын кыргызча окутуу тенденциялары күчөөдө! Башкача кандай болмок эле? Биздин келечегибиз эне тилибиз менен гана байланыштуу болушу абзел! Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу же дагы башка коомго жат көрүнүштөр жок.

Булак: https://www.sayasat.kg/kg/society-2/111903-kanybek-osmonaliev-president-of-the-karashtuu-mamlekettik-til-zhana-til-sayasaty-boyuncha-uluttuk-commissionnyn-taragasy-physicist-tildi-bilebi-degen-kerozdorgo-joop-iretinde-tatyktuu-ishtep-zhatabyz.html

Архив