Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында «Мамлекеттик тил – улуттун туткасы» аттуу иш-чара болду
Бүгүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында «Мамлекеттик тил – улуттун туткасы» аттуу иш-чара болуп өттү. 
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы, профессор К.Осмоналиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөп, Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды. Аталган окуу жайдын ректору С. Азизбаев окуу жайдын сыйлыгын Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевге ыйгарды.
Мамлекеттик тилдин маанисин арттырган бул иш-чара окутуучулар жана студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен жыйынтыкталды.
Архив