«Тил – мамлекеттин көркү жана руханий баалуулугу» аттуу кереге кеңеш өттү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунда «Тил – мамлекеттин көркү жана руханий баалуулугу» деген темада кереге кеңеш болуп өттү. Бул иш-чарага мамлекеттик органдардын, мекемелердин мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жооптуу болгон кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамы жана башка коноктор катышты. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы К.Жакыбалиев, КР ИИМдин Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги А.Орозакунов,  КР Билим берүү жана илим министрлигинин  алдындагы Республикалык педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун  филология  кафедрасынын башчысы, профессор К.Эсеналиева, КР куралдуу күчтөрүнүн Советтер союзунун баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы аскер институтунун Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын доценти А.Күмүшбекова, Кыргызстан Эл аралык университетинин Мамлекеттик тил боюнча адиси А.Исмаилова, КР Юстиция министрлигине караштуу соттук эксперттик кызматынын лингвист эксперти Н.Сакбаев, Бишкек ШИИББнын  мамлекеттик тилди өнүктүрүү тобунун улук инспектору милициянын полковниги А.Чолпонбаева, КР ИИМдин Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын профессору, милициянын майору К.Шүкүров жана башка чакырылган коноктор катышты. Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар тарабынан мамлекеттик тилди мындан да  өнүктүрүү үчүн бардык билим алып жана билим берип жаткандарга бирдей стандарттагы окуу куралын чыгаруу жана пайдалануу, андан тышкары мамлекеттик тилди окутууну бала бакчадан, даярдоо класстарынан баштап окутуу керектиги тууралуу сунуштар айтылды. Ошону менен бирге ИИОнын ичиндеги кызматтык иш кагаздарын жүргүзүү боюнча дагы көйгөйлөр, суроолор да каралды, ошондой эле, бул тегерек стол күч органдары менен эле эмес калаабыздагы башка окуу жайлар арасында бири-бири менен кызматташтык жүргүзүү эң баалуу болуп эсептелди жана бири-бирине ой-максаттарын пикирлерин ортого салуу менен бүгүнкү иш-чара жыйынтыкталды.
Архив