Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана көчөдөгү жарнамалар боюнча жыйын болду
2022-жылдын 27-октябрында Жалал-Абад шаардык мэриясынын коллегиясында Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана көчөдө илинген көрнөк, жарнамалар боюнча маселе каралды. Ага шаардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бөлүм башчысы  Телекманова Алмагүл, башкы адис Э. Муратбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана аймактык башкармалыктардын  башчылары катышты. Жыйында мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине иш кагаздарын жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндөгү" мыйзамынын талаптарын сактоо, ошондой эле сабаттуулугун жогорулатуу, шаардын көчөлөрүндөгү илинген жарнамаларды иретке келтирүүнүн зарылдыгы айтылды. Жыйындын соңунда А.Телекманова иш кагаздарын жүргүзүүдө  кетирген кемчиликтерди жоюу боюнча  бир катар сунуштарды берди.
Архив