Свердлов районунда тышкы жарнамаларды иретке келтирүү иштери жүрүп жатат. Курамына Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын, Свердлов акимиатынын, МАБдын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү кирген комиссия рейд жүргүзүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 476 жарнамалык конструкция жана баннерлер алынган.
Буга чейин комиссия тарабынан шаардын эстетикалык көрүнүшүн сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр таратылган.
Рейддин максаты - шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана тышкы жарнаманын жана маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин нормаларына шайкеш келтирүү, тышкы жарнамаларды жайгаштырууну жана иштетүүнү тартипке келтирүү болуп саналат.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 107-беренесине ылайык, айып пул салуу каралган.
Булак.: Бишкек шаарынын мэриясы