Улуттук комиссиянын төш белгиси тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 28-июлундагы №319 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия жөнүндө жобого ылайык мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон зор салымы үчүн техника илимдеринин доктору, профессор Алымкулов Карыпбек Алымкулович КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланды. 

Сыйлыкты  Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев тапшырды.

Архив