Улуттук комиссиянын төрагасы менен ИИМдин жетекчилигинин жолугушуусу болду

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин жолугушуусу Ички иштер министрлигинин Борбордук аппаратында болуп өттү.
Жолугушууда ички иштер органдарында мамлекеттик тил маселеси, Ички иштер министрлигинин бул багыттагы жетишкендиктери тууралуу баарлашуу жүрдү.
Алсак, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бул багыттагы ишмердиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигине мамлекеттик тилге өзгөчө көңүл бургандыгы үчүн Улуттук комиссиянын Ардак грамотасы жана министр У.Ниязбековго “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды.
Жолугушууда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен ички иштер органдарында мамлекеттик тил маселеси боюнча маектешти. Бул жолугушууда ички иштер органдарында иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жана Мамлекеттик тил күнүнө карата болгон бир айлыктын жыйынтыгы боюнча пикир алмашуу болуп өттү. Андан тышкары, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки жылдардагы мамлекеттик тилдин абалы жана учурдагы негизги көйгөйлөр талкууланды.
Иш-чарага аталган комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, маалымат качтысы Кутмырза Жакыбалиев жана Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова жана ИИМдин Ардагерлер Кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев жана Борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын аягында атайын сыйлык берүү аземи уюштурулуп, меймандарга Ички иштер министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.
 Коноктор үчүн Ички иштер министрлигинин мамлекеттик тил бөлмөсү, Басма сөз кызматынын заманбап студиясы жана ИИМдин музейи менен тааныштыруу болуп өттү.

Булак.: ИИМдин Басма сөз кызматы

Архив