Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору улуттук нарк боюнча окутууларын баштады

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Улуттук нарк жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору «Кыргызтест» системасынын А1, А2, В1, В2, С1, С2 деңгээлдик талаптарына ылайык 

1) кыргыз тили,

2) улуттук нарк,

3) орус,

4) англис жана 

5) түрк тилдери боюнча окутууларды баштады.


Бүгүн, 2022-жылдын 16-ноябрында, «Улуттук нарк» боюнча сабак башталып, «Нарк-насил – кыргыз элинин баалуулук системасы» деген темада талкуу болду. Окууга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, «адам-оркестр», көп кырдуу таланттын ээси Курмангазы Азыкбаев агай баштаган улуттук интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү келишти.  


Сабактын учурунда 

- Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров 2022-жылдын 21-май күнү кол койгон «Улуттук нарк жөнүндө» Жарлыктын тарыхый мааниси,

- «нарк», «насил», «баалуулук» жана «аксиология» түшүнүктөрүнүн маани-маңызы,

- баалуулуктардын негизги түрлөрү 

жөнүндө кенен маалымат берилип, кызуу талкуу өттү. 


Улуттук нарк, же улуттун аксиологиялык системасы мамлекет куруу жана мамлекеттик деңгээлдеги идеологияны түптөө үчүн өтө зарыл. Ошол себептен, Скандинавия жарым аралында жайгашкан мамлекеттерде ар бир мамлекеттик кызматкер «Калевала» деген эпосто чагылдырылган этноэтикет боюнча тесттен өтмөйүн, жооптуу мамлекеттик жана саясый кызматтарды аркалай алышпайт. Аталган мамлекеттерде «Калевала» эпосу протоколдун эң жогорку үлгүсү болуп саналат. 


Жогоруда айтылгандардын негизинде «Улуттук нарк» сабагынын материалдарына таянып, «Кыргызтест» системасынын талаптарына жооп берген тесттик суроолор түзүлүп, ошол суроолордун негизинде Кыргыз Республикасынын баардык жарандары, айрыкча, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер улуттук улуу дөөлөттөр тууралуу билими менен ой өрүшүн (кругозорун) өстүрө алат деген терең ишеничтебиз. 


Кыргыз Республикасынын баардык жарандарын Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борбору «Кыргызтест» системасынын А1, А2, В1, В2, С1, С2 деңгээлдик талаптарына ылайык 

1) кыргыз тили,

2) улуттук нарк,

3) орус,

4) англис жана 

5) түрк тилдери боюнча окутуп жаткан курстарга чакырабыз.


Окутуунун акысы – айына 960 сом.


Биздин дарек: Бишкек шаары, Бөкөнбаев көчөсү, 182. 


Байланыштар:

aalievagk@gmail.com 

gaaalieva@gmail.com 

+996708481745 (ватсапп)

Архив