Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев Улуттук аттестациялык комиссиянын жетекчилиги жана аппараты менен жолукту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын эмгек жамааты менен жолугушуп, бул мекемеде иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалына карата өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштырды.

Анда төрага К.Осмоналиев аталган мекемеде мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы жана ийгилиги  менен кемчилиги, келечекте аткаруучу мерчемдер тууралуу кеңири сөз сүйлөп, илимпоздор тилди өнүктүрүүдө зор салым кошо турган чоң күч экендигин баса белгиледи.

УАКтын төрагасы Б.Тыналиева өз сөзүндө мониторингдин жыйынтыгы боюнча жазылган маалым катта белгиленген сын-пикирлерди туура кабыл алып, андан жыйынтык чыгаруу максатында алдыда белгиленип жаткан иштер туурасында айтты. Жолугушуу мындан ары мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө эки мекеменин ортосунда кызматташууну жандандыруу жакшы натыйжаларга алып келерине ишеним артабыз. 

Архив