"Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана борбор калаанын күнүмдүк турмушунда колдонулушу" деген темада талкуу болду
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” газетасынын редакциясында “Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана борбор калаанын күнүмдүк турмушунда колдонулушу” деген темада талкуу болду. Аталган иш-чарага Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова, КР Эл акыны Т.Самудинов, тил илиминин аалымы, профессор К.Коңкобаев, адабиятчы, сынчы Э.Нурушев, КР  Эл артисти К.Азыкбаев, журналист Э.Ажыканова катышты. Баарлашууну газетанын башкы редактору Д.Керимов алып барды.
Архив