Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мамлекеттик тил боюнча иш-чара өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын эмгек жамааты 2022-жылдын 18-ноябрында мамлекеттик тил боюнча иш-чара өткөрдү. Аталган иш-чарада “Тил жана нарк” темасынын алкагында түзүмдүк бөлүмдөр арасында мелдеш жүрүп, мыкты ырлар, обондор дегеле кыргыздын нукура каада-салты менен бирге эмгек жамаатына майрамдык маанай тартууланды. Мелдеште жеңүүчүлөргө байгелүү үч орун белгиленип, кызыктыруучу сыйлыктар да ыйгарылды. Мындан сырткары, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2022-жылга карата планында болжонгон “Мамлекеттик тилди мыкты алып барган кызматкер” айлыгынын жыйынтыгы менен иш кагаздарын мамлекеттик тилде жакшы жүргүзгөндүгү үчүн үч кызматкер Кызматтын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Архив