КЫРГЫЗТЕСТ: ОШ ОБЛУСУНДА ТЕСТ УЛАНУУДА
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин Ош облусунда жүргүзүлүп жаткан тести улантууда.
28-29-30-ноябрь күндөрү Ноокат районунун, Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик кызматкерлери, Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана Илимдер Академиясынын Ош филиалынын аспиранттары улуттук «Кыргызтест» системасы боюнча тест тапшырды. Тестке жалпысынан 253 адам катышты. Келген адамдар Ош шаарында болуп жаткан тесттин уюштуруу деңгээлин жогору баалап, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип жатышты.
Архив