Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев Бишкек шаарындагы эл аралык Брайт мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими К.Абдиева менен жолукту

Бүгүн Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев Бишкек шаарындагы эл аралык Брайт мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими К.Абдиева менен жолугуп, бул жеке мектептеги мамлекеттик тил жаатындагы аткарылган иштер боюнча ой бөлүштү.

Бишкек шаарындагы Брайт эл аралык мектебинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган бир айлыктын жыйынтыгы

Бишкек шаарындагы Брайт эл аралык мектебинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган бир айлык өткөрүлдү. Бир айлыктын максаты бөтөн тилдүү окуучулардын мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун ойготуу, кыргыз тилинде баарлашууга багыттоо жана кыргыз элинин маданий-социалдык мурастары тууралуу маалымат берүү жана иш-чараларга жигердүү катышуу болду.

 1) Бир айлыкка карата түзүлгөн иш планы боюнча алгач мектептин фойеси жасалгаланып, кыргыз тили – Мекенибиздин, эл-журтубуздун тарыхы жана маданияты менен бекем байланышта экендиги түстүү сүрөттөр жана тарыхый, көркөм материалдар аркылуу ачык чагылдырылды.Кирген окуучу жана мугалимдер улуттук тамактардан ооз тийишип, макал-лакаптардан айтып киришти. Улуттук мурас болгон сүрөттөр таркатылып, алардын 2-бөлүгүн таап жатышты жана пикир айтышты.

 2) 1-4-башталгыч класстардын арасында көркөм окуу сынагы уюштурулду, кыргыз тилиндеги адабий чыгармаларды туура жана көркөм окуган окуучулар тандалып, атайын сыйлыктар ыйгарылды. Ал эми 5-8-класстар кыргыз музыка жана бий өнөрүнө арналган флэшмоб менен чыгышты. Флэшмоб мектептин атайын спорт аянтчасында окуучулардын улуттук форма кийинип кыргыз бийлеринин түрлөрүн аткаруусу көрсөтүлүп кызыктуу өткөрүлдү. 9-11-класстардын окуучулары арасында кыргыз тили боюнча сурамжылоо жүргүзүлүп Тик-ток тартуу сынагы уюштурулду.

3)  Мектептеги класстарга белгилүү бир тематикада эшикти жана тактаны жасалгалоо тапшырмасы берилди. Ар бир кабатка тематикалык сүрөттөр илинди. Мыкты жасалгалары жана чыгармачылык тапкычтыгы менен айырмаланган класстар атайын сыйлыктар менен сыйланды.

   4) Бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларда окуучулардын тилдик билимин жана кептик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө айрыкча көӊүл бурулду. Бул максатта жогорку класстардын арасында (8-11-класстар)          «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашы, «Манас» эпосу тууралуу эмнени билебиз?» (7-класстар) сынагы өткөрүлдү. Жогорку класстардын арасында   (8-11-класстар) «Акыл ордо» интеллектуалдык таймашында окуучулар категориялар боюнча бөлүнгөн суроолордон бир суроону тандап, жообун таап, улам бир айлампага чыгып отурушту. Жыйынтыгында, кыргыз тилин жана улуттук маданиятты мыкты билгендер жеӊишке жетишти.

5) 7-класстар арасында өткөн сынакта эки класстын ортосунда 3 этаптан турган таймаш уюштурулду. Эӊ биринчи «Манас» айтуу конкурусу болуп, улуу дастандан үзүндүнү уккулуктуу жана жеткиликтүү айта билген окуучулар озуп чыгышты. Экинчи этапта эпос боюнча инценировка көрсөтүү болгондуктан, окуучулар Жалил Садыковдун атактуу драмаларынан тандалган, идеялык – көркөмдүк деӊгээли жогору болгон диалог жана монологдорду көрсөтүштү. Жыйынтыктоочу этапта окуучулар эпостун идеялык  мазмуну, образдары жана дүйнөлүк маданиятта ээлеген орду боюнча алган билимдерин жыйынтыкташты. Сынак эпостун улуу идеясын ачып берген музыкалык чыгармалар, кызыктуу презентациялар менен коштолгону кызыктуу болду.

 6)   Бир айлыктын алкагында кыргыз тилин окутуунун заманбап технологияларын өркүндөтүү максатында ачык сабактар уюштурулду. 2-класста Нурия Бактыбековна «Жыл мезгилдери» темасында көркөм сүрөттөр жана көрсөтмө куралдардын заманбап түрлөрү аркылуу окуучуларды кыргыз тилине кызыктыруу ыкмаларын көрсөтүп берди. Шабданова Максат Нурдиновна 9-класста өткөргөн «Текст менен иштөө ыкмалары» сабагы сынчыл ой жүгүртүүнүн ар түрдүү ыкмаларын топтордо иштөө менен айкалыштыруу аркылуу кыргызча текстти натыйжалуу түшүнүп, кайра айтып берүү жана талдоо мүмкүн экендигин ачып берди. Бул сабактарга кирген методисттер сабактын негизги жана предметтик компетенцияларды калыптандыруудагы зор маанисин белгилеп, жогору баалашты.

7) Мамлекеттик тилдин бир айлыгы мектеп окуучуларынын чыгармачыл концерти жана улуттук кол өнөрчүлүктүн көргөзмөсү менен жыйынтыкталды. Окуучулар чыгармачылыгын кыргыз тилинде кызыктуу жана жеткиликтүү формада бөтөн тилдүү аудиторияга жеткире алышты. 

   Брайт эл аралык мектебинде мамлекеттик тилдин 33 жылдыгына арналган бир айлык иш-чаралар өз алдына койгон  максаттарына жетип, окуучулардын кыргыз тилине жана улуттук маданиятка болгон кызыгуусун, кыргыз тилинде баарлашууга болгон умтулуусун жогорулатты десек болот.

Архив