Кыргыздын эки чыгаан инсаны ТҮРКСОЙдо эскерилди

ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон Кыргыз эл жазуучусу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыздын акыны, жазуучусу, мамлекеттик ишмери жана алгачкы профессору Касым Тыныстанов Түрк мамлекеттеринин маданиятын таанытуу уюму ТҮРКСОЙдо эскерилди.

ТҮРКСОЙдогу иш-чара эки бөлүмдөн туруп башкы катчы Султан Раевдин жетекчилигинде 2022-жылдын 7-декабрында өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, Казакстан Республикасынын Түркиядагы ыйгарымдуу элчиси Эркебулан Сапиев, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы доктор Якуп Өмероглу, Түркия менен Кыргызстандын маданият, искусство жана илим коомчулугунун
 өкүлдөрү,студенттер, ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков өз мезгилинин тайманбас жазуучусу катары казак элинин көрүнүктүү жазуучусу Мухтар Ауэзов сыяктуу эл баатыры экенин баса белгиледи жана Түрк дүйнөсүндөгү илимпоздор алардын эмгектерин кеңири иликтеши керектигин айтты. Ошол эле учурда профессор Үмүт Култаева баштаган илимий топ даярдаган Түгөлбай Сыдыкбековдун алгачкы чыгармасы түрк тилинде басылып чыга турганы белгилүү болду.

Евразия жазуучулар союзунун төрагасы доктор Якуп Совет режиминин бир беткей саясатына баш ийбестен повест жана романдарында коомдогу окуяларды ачык жазган кыргыз жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков сыяктуу казак,өзбек, азербайжан интеллигенттери болгонун, булардын бардыгынын чыгармалары иликтенип, түркчөгө которулуп басмадан чыгарылса Түрк дүйнөсүндөгү элдердин жакындашуусуна зор салым болорун айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Түгөлбай Сыдыкбеков тууралуу «Өмүрүнүн
 сексенинчи жазы» аттуу даректүү тасма тартууланды.

Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, профессор Сыртбай Мусаев кыргыз эл жазуучусу, кыргыз адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Түгөлбай Сыдыкбековдун мекенге болгон, кыргыз элине болгон сүйүүсүн ачып берип, ал мезгилдин катаал саясий шарттарына карабастан Москвага тайманбастан коомчулуктагы көйгөйдү жазып, кат аркылуу жеткирип турганын баса белгиледи.

Түркиялык жазуучу, манас таануучу, профессор, доктор Хайреттин Ивгин, совет доорундагы повест жанрынын өнүккөндүгүнө токтолуп, Түркияда көлөм жагынан аңгеме менен романдын ортосундагы повест жанрынын каралбай калганын эске салды. Ал ошондой эле Түгөлбай Сыдыкбековдун «Кумдуу чап» повестинен үзүндүлөргө токтолду.

Өз кезегинде лингвист, профессор Үмүт Култаева Түгөлбай Сыдыкбековдун гениалдуулугуна токтолуп, ата бабадан келе жаткан нарк насилдерге өзгөчө маани берген жазуучу экендигин баса белгиледи жана Түгөлбай Сыдыкбековдун 12 асыл сөзүн чечмелеп берди.

Ал эми профессор Сымбат Садыкова жана Нурида Касымбекова трибунага бирге чыгып, өздөрүн «Түгөлбайчылар» деп аташканын жана Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын чогултуп, иликтеп, талдап көп томдук кылып басып чыгарууга белсенишкенин баяндап беришти.

Профессор Динара Асакеева да Түгөлбай Сыдыкбевдун өз улутун,мекенин сүйгөн жазуучу катары ал мезгилде коомдо болуп жаткан окуяларды тартынбастан ачык жазып, Совет бийлигинин кысымына калган жазуучу болгонун, анын «Көк асаба» романы алтымышынчы жылдарда жазылса дагы жарык көрбөй, Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин гана басмадан чыкканын айтып өттү.

«Түгөлбай Ата» коомдук фондунун башчысы Алихан Ибраимов Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү, тактап айтканда Орусиядагы РУДН университетинде, Баку шаарында өткөргөн илимий конференциялары тууралуу маалымат берип, алдыда Кыргызстанда боло турган конференцияда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевге, Евразия жазуучулар союзунун төрагасы доктор Якуп Өмероглуна жана Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү, профессор Канат Мамбеталиевге «Түгөлбай Ата» сыйлыгы жана  «Көк Асаба» диплому ыйгарыла турганын маалымдады.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү «Касымдын ырлары» темасынын астында болуп ал тууралуу кызыктуу маалыматтар айтылды.

Хажы Байрам университетинин окутуучусу, доктор Хүля Касапоглубаяндамасын кыргыз тилинде жасады жана Касымдын мекенди сүйүүсүнө арналган ырларынан үлгүлөрдү айтты жана ошол мезгилдин казак интеллигенти Магжан Жумабайдын Касымдын ырларына тийгизген таасирине токтолду.

Профессор Венера Акматова өз сөзүндө Касым Тыныстановдун мекенге болгон сүйүүсүн, аз өмүрүндө жазып калтырган ырларын Түрк дүйнөсүнүн жаштары көбүрөөк окуп үлгү алышы керектигин айтты жана репрессияга кабылбаганда дагы көп чыгармаларды жаратарынан күмөн санабаганын белгиледи.

Ал эми профессор Ташболот Садыков Касым Тыныстановдун илимий эмгектерине токтолуп, Түрк дүйнөсүнүн латын алфавитине өтүүсүндөгү сөздүн морфологиялык түзүлүшүн, уңгу-тыбыштык мазмунун түзгөн алгачкы инсан болгонун баса белгиледи.

Жаш окумуштуу Сабырбек Бөрүбай болсо Касым Тыныстановдун ырларын түрк тилине которгонун айтып, «Касымдын ырлар жыйнагы» китебинен ыр окуп берди.

 Андан соң «Изги» академиясынын алкагындагы чебер комузчулар Насипа Калмаматова ,Тумар Нуракова  жана кичинекей Айбике Сабырбек кызынын чакан концерти болду. Комузчулар Малик Аликеевдин чыгармасын аткарышты.

Конференциянын соңунда ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев кыргызстандык жана түркиялык илимпоздорго медаль жана катышуучуларга сертификат тапшырды.

Архив