Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин Түркия мамлекетине болгон ИШ САПАРЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин Түркия мамлекетине болгон ИШ САПАРЫ 


I. ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин Түркия мамлекетине болгон иш сапары 2022-жылдын 5-декабрынан 8-декабрына чейинки мезгил алкагында болуп өттү. 

2. Төраганы аты аталган улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Аалиева Гүлзат Карыбековна коштоп жүрдү.

3. Чакырган тарап - ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму, 

4. Иш сапарынын максаты – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтө турган түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумуна даярдык.   

5. Иш сапарынын учурунда төмөнкү жолугушуулар мерчемделген:

  • ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырза менен жолугушуу,
  • «Маариф» фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор, доктор Бирол Акгюн мырза менен жолугушуу,
  • TİKA деп аталган кызматташтык жана координация боюнча Түркия агенттигинин жетекчиси Серкар Каялар мырза менен жолугушуу,
  • Түрк тили жана Түркия Республикасынын тарыхы Мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси, профессор, доктор Гюрер Гүлсевин мырза менен жолугушуу.


II. ТҮРКСОЙ ЭЛ АРАЛЫК УЮМУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ 


2022-жылдын 5-декабрь күнү түштөн кийин ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырза менен жолугушуу болду. 

Жолугушуу учурунда Султан Раев мырза 

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумунун жалпы Концепциясы менен мерчемдерине (пландарына) кызыкты, 
  • берилген өтө маанилүү иш-чарага өзүнүн тилектештиги менен колдон келген жардамын берерин билдирди, 
  • ошондой эле ал ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын тарыхый залкар инсандары болгон Токтоболот Абдымомуновго, Түгөлбай Сыдыкбековго жана Касым Тыныстановго арналган Эл аралык илимий-практикалык конференцияларга катышып кетүүгө чакырды.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу деп аталган ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекистан, Түркменистан жана Түркия Республикасынын маданият министрлеринин макулдашуусунун негизинде түптөлгөн. 

Кийинчерээк ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмуна байкоочу мамлекеттер катары Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Орусия Федерациясынын Татарстан, Башкортостан, Алтай, Саха (Якутия), Тува, Хакасия сыяктуу республикалары менен чөлкөмдөрү, Молдованын курамындагы Гагаузия кирген.

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму өз милдети катары түрк элдеринин руханий жакындашуусу менен алардын бир туугандык биримдигин күчөтүүнү, түрк элдеринин маданиятын дүйнөгө таанытуу менен аны кийинки муундарга кемитпей, бөксөртпөй өткөрүп берүүнү түшүнөт. 

ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму жыл сайын сүрөтчүлөрдүн жолугушууларын, опера фестивалдарын, адабий конгресстерди жана түрк дүйнөсүнүн маданияты менен илиминин көрүнүктүү ишмерлери өз ара пикир алмашуусунун салттуу аянтчасына айланган башка форумдарды уюштуруп турат. 


III. ТҮРКИЯ МАМЛЕКЕТИНИН «МААРИФ» ФОНДУ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ 


2022-жылдын 6-декабрь күнү саат 10.00дө Түркия мамлекетинин «Маариф» фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор, доктор Бирол Акгюн мырза менен жолугушуу болду. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлү Канат Мамбеталиев мырза коштоп жүрдү. 

Бул жолугушуу ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырзанын катышуусу менен өттү.

Жолугушуу учурунда Бирол Акгюн мырза «Маариф» фондунун билим берүү тармагындагы ишмердиги, башкача айтканда, алардын кызматташуу чөйрөлөрү, алар тарабынан түзүлгөн моделдер жана өзөктүү принциптер, ошондой эле жетишилген натыйжалар тууралуу кызыктуу маалыматтарды сунуш кылды. 

Бирол Акгюн мырза «Маариф» фонду мамлекеттик уюм болуп саналат жана мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө турарын билдирди. 

Фонддун максаты бул – билим берүү тармагы боюнча Түркия мамлекетинин эл аралык аренадагы жоопкерчилигин көрсөтүү, түркиялык позицияны тастыктоо жана түрк тилине колдоо көрсөтүү. 

«Маариф» фондунун негизги миссиясы – түрк мамлекетинин эгидасы астында дүйнөнүн каалаган өлкөсү менен кызматташуу. 

«Маариф» фондунун өзөктүү принциби – фонд кызматташкан мамлекеттин саясий жана диний чөйрөлөрүнө принципиалдуу түрдө кийлигишпөө.  

«Маариф» фондунун башкы офиси Стамбул шаарында жайгашкан. 

«Маариф» фондунун билим берүү чөйрөсүндөгү принциби – заманбап илимдин, техниканын жана технологиянын акыркы жетишкендиктерине таянган светтик (дүйнөбий) билим берүү.  

«Маариф» фондунун төмөнкүлөр менен тыгыз байланышта болуп турат: 

  • ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму, 
  • Түрк мамлекеттер Уюму (ТМУ; Организация тюркских государств (ОТГ)), 
  • Самарканд шаарындагы жолугушуу күбөлөгөндөй, дүйнөдөгү баардык түрк мамлекеттери.

Азыркы тапта «Маариф» фонду Азербайжан жана Кавказ чөлкөмүндөгү айрым мамлекеттер менен кызматташуу протоколдоруна кол коюуга даярданып жатат.   

Бүгүнкү күндө«Маариф» фонду дүйнөнүн ар кыл өлкөсүндөгү 51 миң окуучуга заманбап билим берүү менен алек. Кыргызстанда 1000дин тегерегиндеги окуучу «Маариф» фондунун мектептеринде билим алышууда. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин Кыргызстандын мугалимдерин «Маариф» фондунун алдынкы мектептерине стажировкага жөнөтүү мүмкүндүгү тууралуу суроосуна Бирол Акгюн мырза эки өлкөнүн билим берүү министрликтеринин ортомчулугу аркылуу гана стажировка маселесин чечүүгө мүмкүн экендигин айтты. 

Жалпы жонунан, Бирол Акгюн мырза башында турган «Маариф» фондунун жетекчилиги 

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумунун Концепциясын толугу менен колдойт
  • аталган өтө маанилүү иш-чарага өзүнүн тилектештиги менен колдон келген жардамын берерин билдирет. 

МААЛЫМАТ ҮЧҮНАнкаранын ички жана сырткы саясатын түп-тамырынан бери өзгөрткөн аскер төңкөрүшү аракетине чейин бир ай мурда, башкача айтканда, 2016-жылдын июнь айында Түркиянын Парламенти Билим берүү министрлиги алдында «Маариф» фондун түзүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоп берген. 

«Маариф» фондунун жобосуна (уставына) ылайык «Маариф» фонду бала бакчалардан тартып, жогорку окуу жайларына чейинки билим берүү жана маданий борборлорун башкара алат. 

Берилген уюмдун расмий сайты боюнча анын миссиясы «адамзаттын жалпы баалуулуктары менен Анатолиянын даанышман салттарына негизделген комплекстүү билим берүү иш-чараларын жүргүзүү» деп жазылганы менен фонддун максаты «маданияттар менен цивилизациялардын өз ара алакасын жалпы жыргалчылыкка жетүүнүн ыкмасы катары караган Түркиянын эл аралык билим берүү дүйнөсүнө карай дарбаза» катары аныкталган. 


IV. TİKA ДЕП АТАЛГАН КЫЗМАТТАШТЫК ЖАНА КООРДИНАЦИЯ БОЮНЧА ТҮРКИЯ АГЕНТТИГИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ 


2022-жылдын 7-декабрында саат 10.00дө TİKA деп аталган кызматташтык жана координация боюнча Түркия агенттигинин жетекчиси Серкар Каялар мырза менен жолугушуу болду. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлү Канат Мамбеталиев мырза коштоп жүрдү. 

Бул жолугушууга ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырза катышты.

Каныбек Осмоналиев менен жолукканда Серкар Каялар мырза бул жолугушууну чыдамсыздык менен күткөнүн айтып, жолугушууну уюштурган үчүн ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырзага терең ыраазычылыгын билдирди. 

Өз кезегинде ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырза ТИКАнын жетекчлигине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мурунку министри, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча комиссиянын мурунку төрагасы, Кыргыз Республикасынын парламентинин эки жолку депутаты катары өлкөдөгү белгилүү саясый ишмер экенине басым жасады. 

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич ТИКАнын жетекчилигинин жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, берилген уюм Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана маданий жашоо-тиричилигинин ар кыл чөйрөсүн өнүктүрүү жана жакшыртуу багытында көмөктөшкөнүн баса белгиледи. Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич мамлекеттик ишмер катары ТИКА уюмунун жардамы астында бир катар маанилүү мамлекеттик долбоорлорду ишке ашырганын айтып, «ТИКА биздин жүрөгүбүздө сакталуу» деди.

Ошондой эле К. Осмоналиев Түркияга келгенге чейин ТИКАнын Кыргызстандагы өкүлү Осман Уста мырза менен жолукканын айтты. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич улуттук комиссия тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форуму тууралуу маалымат берип, аталган форумга ТИКАнын жетекчиси Серкар Каялар мырзаны чакырды. 

Серкар Каялар мырза аталган форумга катышууга кубаныч менен макул экенин билдирип, төмөнкүлөргө токтолду: 

1. ТИКА үчүн Кыргызстан – өтө маанилүү өлкө. Постсоветтик өлкөлөр эгемендүүлүккө жеткенде ТИКАнын офиси Түркиядан кийин эле Кыргызстанда ачылып, бул 2-офисте 1300дөн ашуун өтө маанилүү иш-чара өткөрүлгөн;

2. Тил – түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы менен интергациясынын өтө кубаттуу куралы. Тилекке каршы, Кыргызстан менен Казастанда көп адамдар өз эне тилине караганда орус тилин мыкты билишет. 

3. Биздин түрк тилдеринин түпкү тамыры бир. Ошондуктан, эгерде мен Кыргызстанда жашасам, анда 1-2 айда эле кыргыз тилинде сүйлөп кетериме терең ишенем. 

4. Өз эне тилин билүү жана ошол тилде баарлашуу – интеграциянын өтө маанилүү фактору. Ошондуктан, Гагаузияда түрк тилинде субтитр тиркелген мультфильмдер көрсөтүлө баштады. 

5. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы тилдик тоскоолдуктарды алып салуунун эффективдүү механизмдердин бири латын арибине өтүү болуп эсептелет. 

6. Акыркы 30 жылда түрк тилдерин мамлекеттик тил катары кароо маселеси бирде көтөрүлсө, бирде унутта калтырылып келет. Эмнеси болсо да, элди чочутуп албоо үчүн тил саясатын өтө дыкат алып баруу абзел. 

7. ТИКА уюму Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумунун Концепциясын толугу менен колдойт жана аны өткөрүү ишинде колдон келген материалдык-техникалык көмөк көргөзөт. Ал тургай, зарылдык болсо, ТИКА уюму имарат салып берүүгө да даяр. Бүгүнтөн баштап ТИКАнын Кыргызстандагы өкүлүнө зарыл болгон материалдык-техникалык көмөк көрсөтүүнү ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды бере баштайм. 

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич ТИКАнын жетекчиси Серкар Каялар мырзага зарыл болгон материалдык-техникалык көмөк көрсөтүү тууралуу расмий катты тапшырды. 

МААЛЫМАТ ҮЧҮН1991-жылы СССР кулагандан кийин айрым түрк тилдүү өлкөлөр (Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан) көз карандысыздыкка жетишкен. Бул окуя аталган өлкөлөрдүн Түркия менен эки тараптуу алакаларын кайра жандантуу үчүн шарт түзгөн. 

Тилдин, тарыхтын, маданияттын жана этникалык таандык болуунун жалпылыгынын негизинде аты аталган өлкөлөр менен өз ара алакаларды өнүктүрүү Түркиянын көңүл борборунда дайыма болуп келген. Ошол себептен ар кыл чөйрө боюнча ишмердиктер менен долбоорлорду каржылоо, иштеп чыгуу жана координациялоо үчүн уюм түзүү зарылдыгы жаралган. Бул максатта 1992-жылы TİKA деп аталган кызматташтык жана координация боюнча Түркия агенттиги түзүлгөн. 

TİKA деп аталган кызматташтык жана координация боюнча Түркия агенттиги (түрк тилинде Türk İşbirliği ve Koordinasyon Ajansı Başkanlığı) Түркиянын вице-президентине таандык департаменттин бир бөлүгү болуп саналат. 

TİKA Түркия мамлекетинин өнүгүп келе жаткан мамлекеттерди, айрыкча, түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттарды өнүктүрүү үчүн расмий жардамды уюштурууга жооп берет

TIKAнын максатын төмөнкүчө жалпыласа болот: 

  • Түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү.
  • Түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын ортосундагы экономикалык, соода, техникалык, социалдык, маданий жана билим берүү боюнча кызматташтыкты өнүктүрүү.
  • Түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттарга жалпы болгон маданий, социалдык мурастарды жана баалуулуктарды сактоого багытталган социалдык жана маданий долбоорлор менен иш-чараларга катышуу. 
  • Түрк тилдүү өлкөлөр менен жамааттардын мамлекеттик кызматкерлери менен башка жарандарына Түркиядан билим алууга жана адискөй даярдыктан өтүүгө стипендияларды төлөө жана көмөк көрсөтүү. 
  • Техникалык жана гуманитардык көмөктөрдү көрсөтүү.
  • Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекеттик мекемелери менен уюмдарынын, университеттеринин, коммерциялык эмес уюмдары менен жеке сектордун ортосунда кызматташуу үчүн ортомчу катары кызмат көрсөтүү. 
  • Ар кыл долбоорлор менен программалардын чегинде эл аралык жардам көрсөткөн башка агенттиктер менен кызматташуу. 


V. ТҮРК ТИЛИ АССОЦИАЦИЯСЫНДАГЫ 

(TÜRK DIL KURUMU ИЛИ TDK) ЖОЛУГУШУУ


2022-жылдын 7-декабрында саат 12.00дө Түрк тили Ассоциациясынын (Türk Dil Kurumu или TDK) жетекчиси, профессор, доктор Гюрер Гүлсевин менен жолугушуу болду. 

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичти Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы өкүлү Канат Мамбеталиев мырза коштоп жүрдү. 

Бул жолугушуу ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырзанын катышуусу менен өттү.

Жолугушуу учурунда түрк дүйнөсүндө Кыргызстан гана кириллица тамгасында калганына өзгөчө көңүл бурулду. Латын арибине өтүү эркиндик менен эгемендиктин элементи экенине басым жасалды. 

Жогоруда айтылгандардын негизинде төмөнкүлөр сунушталды: 

  • Алгачкы алгоритм – латын арибине өтүү, ал эми экинчи алгоритм – жалпы түрк дүйнөсү үчүн жалпы орток тилге өтүү,
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумунун алдында симпозиум өткөрүү,
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумуна ассоциациянын каржылык көмөгү.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН: Түрк тили Ассоциациясы (Türk Dil Kurumu, же TDK) – Түркия Өкмөтүнүн алдындагы түрк тилин изилдөө жана өнүктүрүү боюнча иштөөгө негизделген коомдук уюм. 

Түрк тили Ассоциациясы (Türk Dil Kurumu, же TDK) 1932-жылы 12-июлда Түркиянын президенти М. К. Ататүрк тарабынан «Түрк тилин изилдөө боюнча коом» (Türk Dili Tetkik Cemiyeti) деген аталыш менен негизделген. 

Коомдун максаты эски осмон тилинен айырмалануу үчүн персид жана араб тилдеринен ооп келген киринди (бөтөн) сөздөрдөн арылып, калктын калың катмарына түшүнүктүү болгон жаңы түрк адабий тилин түзүү.

Түрк тили Ассоциациясы (Türk Dil Kurumu, же TDK) адабий түрк тилин гана эмес, түрк диалекттерин да изилдейт, китептерди басып чыгарат. 

Башкы офиси Анкара шаарында жайгашкан. 


КОРУТУНДУ


1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичтин Түркия мамлекетине болгон иш сапары алдын ала мерчемделген программа боюнча өттү. 

2. Түркиялык өнөктөштөр менен болгон кылдат талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан демилгеленип, 2023-жылдын 25-27-май күндөрү Бишкек шаарында өтө турган түрк элдеринин эл аралык Биринчи тил форумун өткөрүү боюнча мерчемдер (пландар) такталды.

3. Кызматташтык боюнча өз ара пайдалуу талкуулар жүргүзүлдү. 

4. Биздин көз караш боюнча иш сапардын максаты ийгиликтүү ишке ашты. 

5. ТҮРКСОЙ Эл аралык уюмунун Башкы катчысы Султан Раев мырза менен иш сапарын уюштуруучуларга көмөгү жана колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. 


Архив