Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевдин "Саясат.кж" сайтына айткан пикири

Каныбек Осмоналиев: "Өнөктөш өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледе болуубуз зарыл"                


- Каныбек  агай, ЕАЭСтин саммити Кыргызстанда башталды.   Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин иши илгерилеп жатканынан кабар береби?


- Биз өзүбүзгө өнөктөш өлкөлөр менен абдан жакшы мамиледе болуубуз зарыл. Өзбекстан менен чек ара маселесин так жана паритеттүү шартта чечип алуу өтө маанилүү. Муну жаш бала деле түшүнүп турат. Мындай учурда өлкөбүздүн ичиндеги ыйкы-тыйкы мамилелербизди токтотуп,  бирдиктүү саясатка баш кошуу абзел. Азыр абал акырындап түз жолго түшө баштады. Буюрса тажиктер менен деле ошондой алакага келебиз. Бирок, ар дайым сак болушубуз зарыл. Биринчи орунга улуттун кызыкчылыгын, өлкөнүн бүтүндүгүн камсыз кылууга умтулганыбыз оң. Албетте, өз ара компромисттик алакалар да орун алат. ЕАЭСтин саммити өзүнүн кезектеги иш-чараларынын графиги менен кетип жатат. Кыргызстан дагы өз кызыкчылыгын коргоп калууга умтулууда. Бул жакшы жөрөлгө! Эң башкысы тынчтык болсун!

Архив