Аалам алпы Ч.Айтматов жана кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы А.Осмоновдун чыгармалары даңазаланып, улуттук адабият күнү белгиленди

9-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин “2022-2027-жылдарга Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык, 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата окурмандар арасында китеп окууну жайылтуу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун, кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы акын А.Осмоновдун чыгармаларын жана улуттук наркыбызды даңазалоо үчүн Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы музыкалык искусство мектебинде “Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат” аттуу маданий иш чара салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.

Улуттук адабият күнүнө карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу таризделип, “Улуттук нарк-насилибизди сактоо менен улутубуз сакталат” аттуу маданий иш-чарасынын Жобосу бекитилип, комиссия курамы түзүлүп, бир ай мурун окуучулар арасында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Орозказиева Анаранын жетекчилиги менен атайын сынак жарыяланган. 

Иш-чаранын максаты келечек муундун китеп окууга кызыгуусун ойготуу, кыргыз тилинин көркөмдүүлүгүн, байлыгын, тереңдигин даңазалоо, кыргыз чыгармаларын жаш өспүрүмдөр арасында жайылтуу. Кыргыз элинин улуттук нарк баалуулуктары сарамжалдуулук, ысырапкорчулугу жок кайра иштетүүгө негизделген каада салтынын чагылдырылышы. 

Райондук сынак эки баскыч менен өттү. Биринчи баскычта улуттун каада-салтын, наркын кыргыз чыгармаларына ылайык электрондук китеп түзүү жана видео ролик жасоо, ал эми экинчи баскычында улуттук нарк-насилибизди, каада-салтыбызды, ысырапкорчулугу жок кайра иштетүүнү, сарамжалдуулукту колдонуу менен сахналаштырылган сценка коюу.

Сынакка Нарын районундагы  орто 32 мектептен окуучулар, мугалимдер жана ата-энелерден турган топтордун эмгектери каралып, комиссия өз баасын берип, орундар аныкталды. Баш байге "Бугу Эне" Ж.Саламатов, 1-орун "Манастын төрөлүшү" К.Рысмендиев, 2-орун "Ак Мөөр" Ж.Өмүралиев, 3-орун "Курманжан Датка" Ө.Токтосунов орто мектептери атайын баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту. 

Маданий иш-чаранын алкагында Аалам алпы, таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести, жана кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы А.Осмоновдун өмүрү, чыгармачылыгы чагылдырылды жана окуучулар тарабынан ырлары көркөм окулду.

Атайын иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы, акын Кутмырза Жакыбалиев, облустук китепкананын директору Анара Байгабатова, Нарын облустук Тенир-Тоо гезитинин кабарчысы Бурулсун Дыйканбаева, коомдук ишмер, акын, теолог Мамбетасан Ибраев жана башка райондук мекеме жетекчилери катышты. 

Акын Кутмырза Жакыбалиев жана мектеп окуучусу жаш калемгер Каныбек уулу Кутман өзүнүн калеминен жаралган ыр саптарын окуп беришти.

Сынактын жыйынтыгында төрт номинация боюнча алдынкы орундар тандалып Ч.Айтматовдун 10 томдугу, А.Осмоновдун 2 томдугу, Төлөгөн Касымбековдун "Кел-Кел" 2 томдугу, "Сынган Кылыч" 2 томдугу, "Кыргызча-орусча сөздүк К.Юдахин", "Орусча-кыргызча сөздүк К.Юдахин", "Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү" 1-2-томдугу ж.б. кызыктуу, баалуу китептер салтанатуу тапшырылды. 

Баш байге, биринчи, экинчи, үчүнчү орундарды камсыз кылган окуучуларга дагы китептер жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын I, II, III даражадагы дипломдору жана катышкан топторго Ыраазычылык каттар менен кошо кызыктуу китептер тапшырылды.

Соңунда иш-чарага зор салым кошкон КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга жана төрагасы Каныбек Осмоналиевге, Нарын шаарынын жеке ишкери, активист Ибраимова Ырысбүбү эжекебизге, КР Жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов агабызга, акын Кутмырза Жакыбалиев агабызга келечек муундар үчүн демөөрчүлүгүңүздөр жана мыкты ишиңиздер үчүн сиздерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясы терең ыраазычылык билдирет! 

Мекенибиз өсүп-өнүгө берсин!!! Адабият майданындагы залкар адамдарыбыз көп болсун!

Булак.: Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматы


Архив