“Мамлекеттик тил жана учурдагы терминология көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү

2022-жылдын 9-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору уюштурган “Мамлекеттик тил жана учурдагы терминология көйгөйлөрү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз Республикасынын терминологиялык комиссиясынын мүчөлөрү, мамлекеттик тил жана терминология маселесин изилдеген окумуштуулар (докторанттар, кандидаттар, аспиранттар), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери жана Казакстан Республикасынан келген окумуштуулар катышты.

Конференцияны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев ачты. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А. А. Акматалиев, Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, филология илимдеринин доктору Булдыбай Анарбай Саги уулу, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б. Б. Топоева-Ставинская ж.б. куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Илимий баяндамалар менен төмөнкүлөр чыгып сүйлөштү: 

Султаналиев И. Ш. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил илими кафедрасынын доценти, Кыргыз Республикасынын Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү – Ааламдашуу алкагында улуттук терминология маселелери.

Кадыров Ы. К. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу, “Кыргыз тили” коомунун президентинин кеңешчиси, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Кыргыз Республикасынын Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү – Бирдейлештирүүнү талап кылган терминдер.

Булдыбай А. С. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети, филология илимдеринин доктору, профессор – Қазақ терминологиясы және терминдердi калыптастырудағы Ахмет Байтұрсынов орны.

Ракыш Ж. С.  М. О. Ауэзов атындагы Адабият жана өнөр институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты – Фольклортану терминдер сөздігін жасаудың қағидаттары. 

Эшенкулов Т. И. Эл аралык Кувейт университетинин улук окутуучусу – Ала-Тоо топониминин табышмагы.

Сыдыкова Т. К. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Терминологиялык комиссиясынын мүчөсү – Кыргыз терминологиясы жана андагы негизги талаптар, принциптер. 

Давлетов М. С.Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери – Котормо жана терминология. 

Джумалиева Г. К. (ф.и.д.), Касиева А. А. (ф.и.к.), Мусажанова Ж. (магистрант) Кыргыз-Түрк "Манас" университети – Универсалдуу багыныңкылык (Universal Dependencies) веб-долбоорундагы терминдердин кыргыз тилине ылайыкташуусу. 

Жамашова А. Т. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы – Кыргыз тилиндеги адабият терминдеринин жасалуу жолдору жана байланыш булактары.

Джунушалиева Г. Дж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери – Соматикалык терминдердин чен-өлчөмдүк кызматы. 

Соңунда конференциянын резолюциясы кабыл алынды.

Архив