Улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды

Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын айрым кызматкерлери мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланды. Сыйлыктарды Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев ыйгарды.

“Кыргыз тил” төш белгиси менен:

1. Тилемишова Рита Жеңишбековна – “Кыргыз радиосунун” шеф-редактору;

2. Сопиева Чынаркан Асановна – Котормолор жана дубляж студиясынын редактору.

Ардак грамота менен:

3. Кульжабаева Кулмира Самаковна – “Кыргыз радиосунун” редактор-музыковед редактору;

4. Имакова Жазгүл Жолдубаевна – Котормолор жана дубляж студиясынын редактору;

5. Бейшекеева Анара Абдыманаповна – “Баластан” телеканалынын шеф-релактору;

6. Пусурманкулова Бурулай Сарыбашовна – “Ала-Тоо 24” телеканалынын телеберүүлөр боюнча жооптуу-чыгаруучусу.


Алкыш барагы менен:

7. Абакирова Медина Туратбековна  – “Баластан” телеканалынын биринчи баскычтагы режиссеру;

8. Джапаков Азамат Аширбаевич – “Ала-Тоо 24” телеканалынын жогорку баскычтагы телеоператор-монтажеру.

Ошондой эле КР Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Иманалиев Кайрат Олжобаевич алгылыктуу жана тыгыз кызмаштыгы үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичке УТРКнын 90жылдык мааракелик медалын жана КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиевге Ардак грамотасын тапшырды.

Архив