«Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму болду

Бүгүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылуу максатында К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин жыйындыр залында «Жогорку окуу жайларындагы мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери» аттуу мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму болуп өттү. Бул отурумга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы – Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, КР Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тил секторунун башчысы – Ибраимова Гүлнара Үмөтбековна, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору, КР жогорку окуу жайлар ассоциациясынын төрагасы – Мусаев Абдылда Инаятович, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз Калмашевна, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин диретору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна жана Жогорку окуу жайлардын мамлекеттик тил боюнча проректорлору, ЖМК өкүлдөрү катышты.

         Отурумда куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, баяндамалар окулду. 


БАЯНДАМАЛАР:


1.“Жогорку окуу жайлары: мамлекеттик тил жана тил саясаты”. Осмоналиев Каныбек – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.


2. “Кыргызтест: бүгүн жана эртең”. Топоева-Ставинская Батма Болоталиевна – Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору.


3.“Жогорку окуу жайындагы мамлекеттик тилдин абалы жана мамлекеттик тил проректорлорунун ишмердүүлүгү”:

  • С.АлаханЖ.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети.
  • Г.Жунушалиева, И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы.
  • Ж.Садыкбек кызы, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети.
  • Ж.Сыдыков, И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети.
  • О.Узаков, Эл аралык Жогорку медициналык мектеби.
  • М.Шарипова, Ош мамлекеттик университети.
  • Э.Саргашкаев, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети.
  • К.Жунушалиева, Талас мамлекеттик университети.
  • Б.Атыгаев, К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети.
  • А.Мурзалиева, Баткен мамлекеттик университети.
  • А.Доранова, Жалал-Абад мамлекеттик университети.   Соңунда омоктуу ойлор ортого салынып, алгылыктуу сунуш-пикирлер айтылды. 

     К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору А. Мусаев  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы – Осмоналиев Каныбек Осмоналиевичке, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары – Орозобекова Жылдыз Калмашевнага, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Батма Болоталиевнага Окумуштуулар кеңешинин чечими менен “Кусеин Карасаев” атындагы төш белгисин тапшырды. 

Архив