Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун президенти Гүнай Эфендиева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен жолугушту

Гүнай Эфендиева Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фонду жалпы түрк мурасын коргоо, калыбына келтирүү жана жайылтуу боюнча түрдүү иш-чараларды жүргүзүп келээрин белгиледи. Өз кезегинде Каныбек Осмоналиев өлкөдө тил саясатын өркүндөтүү, ошондой эле кыргыз элинин руханий баалуулуктарын жандандырууда жана өнүктүрүүдө мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымдады.

Тараптар байыркы түрк элдеринин маданий коду жана мурасы катары түрк тилдерин ар тараптуу колдоонун маанилүүлүгү жөнүндө бирдиктүү пикир билдиришип, кызматташуунун перспективдүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев, Түрк мамлекеттеринин Уюмунун Башкы катчысынын орун басары Ержан Мукаш, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская катышты.


Архив