КР ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ТИЛ САЯСАТЫ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ БАКУ ШААРЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМДА
Азербайджан Республикасы тарабынан уюштурулган форумга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия өлкөлөрүнөн ошондой Кипрден келген өкүлдөр катышты.
Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев баяндама жасады. Өз баяндамасында К. Осмоналиев Кыргыз Республикасында жашаган азербайжандардын өлкөбүздүн өнүгүүсүнө ар тараптан кошуп жаткан салымын белгиледи. Ошондой эле түрк тилдүү мамлекеттер өз ара биримдигин чыңдоо жаатында үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Түрксой эл аралык конференциясында каралган маселелерди ишке ашыруу абдан маанилүү экендигине токтолду. 
Ушул эле күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Азербайжан Республикасынын Диаспора менен иштөө боюнча мамлекеттик комитетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Меморандумда түрк тилдүү мамлекеттер ортосунда билим берүү, маданият жана тилдерди билүү деңгээлин баалоо боюнча кызматташуулар каралган.
2022-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү О.Э. Капалбаев, Д. Сүйүнов жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская Азербайжан Республикасынын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин көрүстөнүнө гүл коюшту. 
Мындан тышкары, К. Осмоналиев Азербайджан мамлекетинин бир нече телеканалына интервью берип, кыргыз делегациясынын Баку шаарына болгон иш сапарынын максаттары жөнүндө айтып берди.
Архив