Элчиликте жолугушуу болду

Элчиликке Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы келди. Делегация үстүбүздөгү жылдын 20-21-декабрында Баку/Шуша мамлекеттеринин диаспоралар менен иштөө боюнча мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин форумуна катышты. Жолугушууга азербайжандык “Манас” таануучу Адил Жамил, Кыргызстан соода үйүнүн негиздөөчүсү Зафер Мамедов, “Пирамида” телеканалынын журналисттери Хокума Халилова жана Рамиз Мешедихесенли, ошондой эле КР Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү О.Э. Капалбаев, Д. Сүйүнов жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская катышты.

Архив