«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 26-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу жана буга чейинки Улуттук комиссиянын аткарган иштери боюнча кенен маалымат берди. Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова билдирди.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору мамлекеттик тилди колдонуунун укуктук негиздерин түзүүгө жана мамлекеттик тил саясатын ишке ашырууга багытталган. Талкууда депутаттар Гүлкан Молдобекова, Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун негизги максаты тууралуу маселе көтөрүштү. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова мыйзам долбоору мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган деп жооп берди.

Депутат Жылдыз Садырбаева мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасын ишке ашыруу, медициналык терминологияны кыргыз тилине которуу маселесин көтөрдү. Депутат Мирлан Самойкожо бул мыйзам долбоорун колдой турганын баса белгилеп, ошондой эле кыргыз тилине котормонун сапатына, жарнамалык тексттердин мазмунуна көңүл бурду. Депутат Ырысбек Атажанов 30 жылдан бери айтылган көйгөйлөр көтөрүлүп келе жаткандыктан, мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иштиктүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоо керектигин белгилеп, экинчи окууда талкуулоодо берене боюнча сунуштар берилерин айтты. «Эң негизгиси мамлекеттик тилге болгон мамилебизди өзгөртүшүбүз керек, ошондо гана кыргыз тилин өнүктүрүүдө зарыл чараларды көрө алабыз», - деп баса белгиледи Камила Талиева.

Комитет жыйынына Улуттук комиссиянын өкүлдөрү, Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана тиешелүү мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрү катышты.


Булак.: ЖКнын Коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү


Архив