Президент иш кагаздарын расмий тилде жүргүзгөн айрым министрликтерди уяткарды


Президент Садыр Жапаров 28-декабрда Министрлер Кабинетинин жыйынында мамлекеттик тил боюнча билдирүү жасады.

Ал белгилегендей, ар бир жаран Кыргызстанда төрөлгөнүнө сыймыктанышы үчүн ушундай шарттарды түзүү зарыл.

«Республикада 100дөн ашык этностун өкүлдөрү жашайт жана өз ара аракеттенүүнү күчөтүү максатында «Кыргыз жараны» концепциясы кабыл алынган. Концепцияга ылайык, Кыргызстанда мамлекеттик тил бардык этностордун башын бириктирүүчү негиз болушу керек. Кыргызстандын жараны кыргыз тилинде ой жүгүртүп, сүйлөп, жаза билишине шарт түзүшүбүз керек. Кайдыгер мамиле кылсак, анда мамлекеттик тил эч качан өнүкпөйт», - деди.

Жапаров мамлекеттик тилдин орду өзгөчө экенин айтты. «Бирок мунун баары материалдарда гана айтылып, бирок иш жүзүндө эч нерсе жасалбай жатат. Мамлекеттик тилди жайылтууда чечилбеген маселелер көп», - деп кошумчалады.


Президент 2022-жылы иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча бир катар бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө канааттанбаганын айтты.


Ал статистикалык маалымат берди:

Экономика жана соода министрлиги – 13%,

Санариптик өнүктүрүү министрлиги – 12%,

Юстиция министрлиги – 13%,

Энергетика министрлиги – 17%.

«Мындай көрсөткүчтөр менен алар 50% кем болбошу керек. Уят, кыргыз болгондон кийин кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзбөйсүң. Жаңылыктар толугу менен орус тилинде, мен аны туура эмес деп эсептейм», - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Булак.: https://kg.akipress.org/news:1842265/?from=akipress-android

Архив