Сыйлык – сыймык
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, физика, математика илимдеринин доктору, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы менен сыйланды.
Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тапшырды.
Урматтуу Каныбек Осмоналиевич, сиздин илим жолундагы үзүрлүү эмгегиңиздин акыбети болгон ардактуу наамыңыз менен эмгек жамаатыңыз кызуу куттуктайт. Ден соолугуңуз бекем, ийгилигиңиз эчен болсун!
Архив