Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловго жана Президенттик Администрациянын өкүлдөрүнө Улуттук комиссия тарабынан Жасалма интеллект долбоору жана КУБАТТУУ КОМПЬЮТЕР (Супер компьютер) тааныштырылды
Жасалма интеллект же кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппарат долбоору Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 2018-жылдан бери иштелип келет. Долбоорду 4 этап менен ишке ашыруу каралган:
Текстти үнгө айландыруу (text to speech)
Долбоордун 1-этабы текстти үнгө айландыруучу программалык аппарат Үндү текстке айландыруу (speech recognition)
2-этабы үндү текстке айландыруучу программалык аппарат жана текстти үнгө айландыруучу программалык аппараты жакшыртуу (интонация жана эмоцияны кошуу) 
Текстти түшүнүү – Семантикалык анализ
3-этабы же Кыргыз тилиндеги текстти анализдеп семантикалык мазмунун түшүнүүчү программалык аппаратты иштеп чыгууга “2021-2025-жылдары Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” алкагында каражат каралып, ишке ашырылып жатат.
Текст түзүү (генерация) – Семантикалык синтез
4-этабы же берилген суроо же талапка жараша базасында камтылган маалыматтын негизинде логикалык жана семантикалык мааниси бар мазмундуу тексттик маалымат даярдап берүүчү программалык аппаратты иштеп чыгуу 2023-2024-жылдары ишке ашырылат.
Заманбап технологиялар менен байланышты жеңилдеткен программалык аппарат ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыздын маалымат технологиялар чөйрөсү менен мамлекеттик тилде байланышууга, ЖМК эфирин үзгүлтүксүз анализдөөгө, автоматтык түрдө стенограмма түзүүгө, кыргыз тилиндеги тексттерди автоматтык түрдө башка тилдерге, башка тилдерден кыргыз тилине которууга шарт түзөт.
Жасалма интеллекттин ишке ашырылган этаптарын коомчулукка пайдаланууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн жана анын кийинки этаптарын ишке ашырууга мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында заманбап кубаттуу компьютер сатылып алынды.
Компьютердин кубаттуулугу 1 петафлопсту, графикалык процессордун эс тутуму 128 гегабайтты, системалык эс тутуму 512 гегабайтты түзөт.
Архив