Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова мыйзамдын долбоору колдонуудагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамдын жоболорунун жана аларга карата жүргүзүлгөн талдоонун негизинде эксперттердин, окумуштуулардын жана жарандардын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыкканын белгиледи.

“Сунушталган конституциялык мыйзамдын долбоорунун концепциясы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы аткарылуучу иштердин мазмунуна шайкеш келет”, – деди баяндамачы.  

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдирип, бирок билим берүүдө көп тилдүүлүккө басым жасоо керектигин кошумчалады.

Ал эми депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тилге байланышкан мыйзам долбоорун толук колдоп берүүгө чакырса, депутат Карим Ханджеза кыргыз тилин жеңил жана майнаптуу үйрөнүүгө багытталган методика менен камсыздоо зарылчылыгына токтолду.

“Анткени, азыркы тапта жеңилдетилген методикалар жок”, – деди эл өкүлү.

Мындан сырткары, депутат Сүйүнбек Өмүрзаков долбоордо мамлекеттик тилдин сот өндүрүшүндө колдонуу тартиби көрсөтүлгөнүн белгилеп, сотко чейинки тергөө иштеринде да колдонуу тартибин камтый кетүүгө үндөдү.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Булак.: Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү


Архив