“Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жана тил саясатынын маселелери жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды.

Жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев мамлекеттик тилге байланышкан алгачкы мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 34 жыл болорун эске салып: “Андан кийин 1995- жана 2004-жылы өзгөртүүлөр киргизилген. Эми жаңы демилгеленип жаткан “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбооруна байланышкан бардык сунуш-пикирлерди талкуулап чыгабыз. Анын ичинен Брайль алфавитине тиешелүү демилгелер да каралат”, – деди.

Муну менен катар Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жасалып жаткан иштерге учкай токтолду. 

Жыйынтыгында аталган токтомдун долбоору кабыл алынды.

Булак.: Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү

Архив