Эне тилдин эл аралык күнүнө карата бир айлык өткөрүү боюнча жыйын болуп, КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсалов тиешелүү мекемелерге тапшырма берди

Улуттук комиссия тарабынан Эл аралык эне тил күнүн белгилөө үчүн республикалык масштабда бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылып, Министрлер Кабинетине сунуш берилген. 

Иш-чаралардын алкагында Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында 2023-жылдын 21-январынан – 21-февралына чейин  Эл аралык эне тил күнүн белгилөөнүн бир айлыгын жарыялады.

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев Улуттук комиссия тарабынан аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Билим берүү жана илим министринин орун басары Т.Ашымбаева жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгулов мамлекеттик тил жаатында аткарылган иштери боюнча маалымат беришти.

1999-жылдын 17-ноябрында ЮНЕСКО тарабынан 21-февраль “Эл аралык эне тил күнү” деп жарыяланып, 2000-жылдан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө ар бир улуттун тилин сактоо, коргоо максатында эне тил күнү катары белгиленип келе жатат.

Кыргызстанда да тил саясаты учурда ушул багытта жүргүзүлүп, өлкөбүздөгү бардык этностордун эне тилине бирдей кам көрүлүүдө. Тилдердин тең укуктуулугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинде “Республиканын калкы пайдаланып жаткан бардык тилдердин тең укуктуу жана эркин өнүгүшүнө мамлекеттик камкордук көрүлөрү” белгиленген. Буга байланыштуу Кыргызстанда жашап жаткан бардык этностордун өкүлдөрүнө алардын эне тилин сактоого, үйрөнүүгө шарттар түзүлүп, коргоого алынууда.

Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн  жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын негизги максаты - Кыргыз Республикасында жашап жаткан бардык этностордун тилдерин сактоо жана өнүктүрүү менен Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууну камсыз кылган натыйжалуу тил саясатын куруу, ошондой эле эне тилин, мамлекеттик, расмий жана эл аралык тилдерди эркин билген кыргызстандыктардын көп тилдүү жаңы муунун өстүрүү болуп саналат. 

Архив