“Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” негизинде чыгарылган 5 китептин бет ачар аземи болуп өттү

Бүгүн А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекектик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын” негизинде  5 китеп чыгарып, бет ачарын уюштурду. 

Эрнис Турсуновдун “Балдар үчүн котормолору”,  Жумагул Сааданбековдун “Биз-кыргызбыз” китеби, Гулнора Холматованын “Коңгуроолуу саат” аттуу китеби, ошондой эле “Кыргыз адабий тили: улуттук доорго чейин жана улуттук доордо” аттуу академик С.Ж.Мусаев жана Т.С.Мусаева жазган илимий эмгек жана академик С.Ж.Мусаев түзгөн Болот Юнусалиевдин “Кыргыз тилиндеги көмөкчү этиштер” аттуу эмгеги жарык көрдү. 

Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор – Каныбек Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары – Капалбаев Октябрь Эркинович, КР А.Осмонов атындагы китепкананын директору – Иманкулова Нуржан Ракимовна, жаңы чыккан китептердин авторлору жана түзүүчүлөрүМусаев Сыртбай Жолдошович ф.и.д. академик, Сааданбеков Жумагул с.и.д, профессор,  Турсунов Канат (Эрнис Турсуновдун уулу), ошондой эле жогорку окуу жайлардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЖМК өкүлдөрү катышты.

            Иш-чарага катышкан коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, ой-пикир, каалоо-тилектерин айтышты.




Архив