“Эне тили – улут уюткусу” аттуу иш-чаранын алкагында “Заманбап кыргыз тили” форуму болуп өттү
Бүгүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, “Тилимпоз” социалдык кыргыз тилин жайылтуу долбоору жана “Салымбеков Университети” менен биргеликте "Заманбап кыргыз тили" форумун өткөрдү. Ал жерде азыркы заманбап кыргыз тилинин социалдык тармактар, интернет, журналистика, билим берүү, маданият, кино, үн коштоо жана анимациядагы (мультфильм) абалы, андагы көйгөйлөр жана аны чечүү жолдору менен жетишкендиктери тууралуу ар кыл чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда талкуу болду.
Буга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, “Салымбеков Университетинин” президенти А. Жумадилов ж.б. катышты. Форумду “Тилимпоз” социалдык долбоорунун негиздөөчүсү Т.Нурдинов жана жетектөөчү мүчөсү Н.Масалбековдор алып барды.
Архив