Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча “Улут уңгусу - эне тил” аталышындагы КЕРЕГЕ КЕҢЕШ болуп өттү


“21-февраль ‒ Эл аралык эне тил күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын бир айлык планына ылайык Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча “Улут уңгусу – эне тил” аталышындагы КЕРЕГЕ КЕҢЕШ болду. Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор – Каныбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Эдил Байсалов, Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы – Абдыганы Эркебаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлү – Федоров Роберт ГеннадьевичКазакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлү – Сыздыков Асхат Уристемович, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өкүлү –  Абдуяминов УлугбекКР Баатыры – Медеткан Шеримкулов, тарых илимдеринин доктору, профессор – Сулайман Кайыпов, ардагер – Карыбай Турусбеков, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, ф.и.д. – Мамед Тагаев жана башка бир катар тилчи, окумуштуулар, диаспоралардын өкүлдөрү жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада куттуктоо сөздөр сүйлөнүп, ой-пикирлер айтылды.


Архив