Бишкек ШИИББде “Эл аралык Эне тил” күнүнө карата салтанатуу иш-чара болуп өттү

Буга Бишкек шаарынын ИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев жана анын орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн начальниги Айбек Орозакунов, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил коомунун Президенти Раимжан Курбанов, Кыргыз-Түрк «Манас» универстетинин кыргыз тили координатору, акын жана котормочу Алтынбек Исмаилов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, ар улуттардын диаспора өкүлдөрү, Бишкек ШИИББдин Ардагерлер кеңеши жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Музыка» факультетинин студенттери ошондой эле Бишкек шаарынын ИИББдин өздүк курамы катышты.

“Тилдин улуусу да-эне тил, Тилдин сулуусу да-эне тил” темасында өткөрүлүп, ачылыш аземи Бишкек шаарынын ИИББдин начальниги Азамат Ногойбаевдин сөзүнөн башталды. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, Улуттук комиссиядан чыккан китептерди Бишкек шаарынын ИИББдин начальниги Азамат Ногойбаевге тапшырды. Андан соң анын орун басары Тилек Тюкебаев салтанаттуу иш-чаранын конокторун “Эл аралык эне тил” күнү менен куттуктады.

Андан сырткары, Бишкек шаарынын ИИББдин начальниги Азамат Ногойбаев кыргыз маданиятына салым кошкон таланттуу конокторго ардак грамота жана ыраазычылык каттарды ыйгарды. Ошондой эле, кыргыз адабиятына жана маданиятына, кыргыз тилинин өнүгүшү үчүн салым кошкон инсандар бир нече чыгармаларын тартуулашты.

Кыргыз жери көп улуттуу өлкө болгондуктан, ар кандай каада салты, маданияты, дили жана тили менен айырмаланган жарандар бар. Бирок ага карабастан биз бирдиктүү, биримдиктүү болуп ошондой эле ынтымакташып бүгүнкү салтанаттуу иш-чарада башыбыз биригип турат - деп, ар улуттардын диаспора өкүлдөрү жылуу сөздөрүн айтышты.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери жана Өзбек, Уйгур, Корей диаспоралары катышуучуларга майрамдык маанай тартуулашты.

 
Булак.: Бишкек ш.ИИББдин Басма сөз кызматы

Архив