“Эне тил – илимий изилдөөлөрдүн темасында” аттуу илимий конференция болду

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илимий китепканасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жарыялаган Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил – илимий изилдөөлөрдүн темасында”  аттуу илимий конференция өттү. Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор – Каныбек Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Капалбаев Октябрь Эркинович, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Абдраева Айгүл Төлөковна, КР Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Акматалиев Абдылдажан Амантурович катышты. 

Ал эми баяндамачылар: КР УИАнын Тил жана адабият институтунун мамлекеттик тил жана социолингвистика бөлүмүнүн жетектөөчү адиси – Дыйканова Чолпон Карбозовна “Кыргыз Республикасында  жашаган улуттардын эне тили”ф.и.д., профессор Кенжебаев  Дайыр “Тилибиздин чек арасы” бузулган, КР УИАнын дунган жана кытай таануу илимдери борборунун ага илимий кызматкерлери Джумаза Мар Вундизович, Хаваза Фатима Нуровна, Исмаева Рахима Мухамеевна “Дунганский язык в контексте науки, СМИ и в сфере образовательных учреждений, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин магистри Чо Ын Чонг “Кыргыз жана корей тилдериндеги сөз түркүмдөрү”“Тилимпоз” социалдык баракчасынын негиздөөчүлөрү Масалбеков Нуркалый, Нурдинов Тилек “Социалдык тармактардагы эне тилдин колдонулушу” деген темаларда баяндама жасашты.  
 
Ошондой эле ЖМК өкүлдөрү катышып, куттуктоо сөздөр жана ой-пикир, сунуштар айтылды. 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор – Каныбек Осмоналиевге мамлекеттик тилге кошкон салымы жана үзүрлүү эмгеги үчүн аталган окуу жайдын И. Арабаевдин 140 жылдыгына арналган юбилейлик медалын тапшырды.

Архив