“Эл аралык эне тил” күнүнө карата, "Кыргыз диаспора" кеңеши "Москва кайрыктары - Кайрыктар казынасы" адабий клубу менен бирге Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосунда адабий-музыкалык кече өткөрдү

Эне тилибизге кайдыгер карабаган ар бир мекендешке кыргыз тилинин көркөмдүгүн, баалуулугун жана өзгөчөлүгүн айрыкча нукура ыр, көркөм сөз менен белгиледик!

Кечени бир нече китептердин автору жана бир нече сыйлыктын ээси, Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, акын, прозаик кызыбыз Самара Насырова алып барды.

"Алтын калем", номинациасынын ээси, "Мыкты калемгер", "Алтын калем ", "Асылзат" төш белгилеринин ээси Самара Насырова өтө кызыктуу ой бөлүшүүлөр жана талкуулар менен эң сонун маанайда өттү. "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" флешмобун уладык.

"Кайрыктар Казынасы" адабий бирикмесинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын коомдук башталыштагы кеңешчиси жана "Кыргыз тили" коомунун Москва шаарындагы жетекчиси КР Улуттук жазуучулар союзунүн мүчөсү, Маданияттын мыкты кызматкери жана Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери, Москва шаарында көп тармактуу "НУР" компаниясынын жетекчиси Бапанов Багытбекке Москвадагы "Кыргыз Диаспорасы" "Ыраазычылык кат" ыйгарышты. 

КРУЖС жана Россиянын Жазуучулар Союзунун Москва областтык бөлүмүнүн мүчөсү, КР маданиятынын мыктысы, акын Жамал Сабаевага жана Расул уулу Сагынбай агабызга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ыраазычылык кат тапшырылды. 

Ошондой эле Алтын калем" дипломунун ээси, Жазуучулар союзунүн мүчөсү, Есенин атындагы алтын медалынын ээси Акрам Топчубаевичке Москвадагы Кыргыз диаспорасынын атынан Ыразычылык кат менен сыйланды. 

Ушул эле сыйлыкка Москва Кайрыктарынын мүчөсү, бир нече китептин автору жана көптөгөн сыйлыктын ээси БИЛИНГВО борборунан "Мыкты калемгер" наамынын ээси "ЛиФФт"тин мүчөсү Тазагүл Мамажанова да сыйланды. КРУЖС мүчөсү, "Алтын калем", "Ыйык тил", "Курманжан Датка", "Данакер" номинациасынын ээси, Лондондогу "Чыңгыз Айтматов" атындагы академиясынын мүчөсү Урмат Сатарова жана "Москва Кайрыктарынын" ардактуу мүчөсү, бир нече ырлардын автору жаш калемгер, чыгаан акын Чылымов Бакытбек Жоробекович да " Ардак грамота" менен сыйланды.

Ыр, күү, тамшандырган керемет чыгармаларды Эне тил күнүнө арнадык.

Келген коноктор КР РФдагы Элчилигинин пресс-катчысы Назгүл Жусубакунова, "Кыргыз диаспорасы" уюмунун Президенти Кубанычбек Осмонбеков, аксакалдар кеңешинен Э. Шамилов, М. Гапыров агайлар акын жазуучулардын, маданий ишмерлердин иштерине баа берип, көңүлүбүздү көтөрдү. Тил, дилибизге болгон ыйык мамилени аздектөөгө, кыргыз тилин көздүн карегиндей сактоого үндөштү. 


Архив