“21-февраль ‒ Эл аралык эне тил күнүнө” карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын Бир айлык планын жыйынтыктаган салтанаттуу жыйын болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жарыялаган Кыргызстанда жашаган этностордун эне тилин өркүндөтүү боюнча жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө салтанаттуу жыйын болду. Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор – Каныбек Осмоналиев, КР Мамлекеттик катчысы – Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргызстан калкы ассамблеясынын төрагасы – Эркебаев Абдыганы Эркебаевич катышып куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. 

Мамлекеттик тилге салым кошкон жана аталган бир айлыкка жигердүү катышкандар КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.

Соңунда Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын “Ырдайлы кыргыз ырларын” долбоору концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Архив