“Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил маселелери” аттуу отурум болду

Бүгүн №20 мектеп-гимназиясында Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан “Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тил маселелери” аттуу отуруму болду. Бул иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев, Бишкек шаар башкармалыгынын жетекчилери, Билим берүү борборлорунун жетекчилери, мектеп директорлору, мамлекеттик тил боюнча директордун орун басарлары катышты. 

Алгач "Кыргыз тили" кабинеттери менен конокторду тааныштырып, кыргыздын залкар жазуучусу Т.Сыдыкбеков атындагы кабинеттин ачылыш аземи болду. Андан соң төрага К. Осмоналиев катышуучуларга куттуктоо сөзүн сүйлөп, мамлекеттик тилге салым кошкон инсандарга улуттук комиссиянын сыйлыктарын ыйгарды. Ошондой эле №20 мектеп-гимназиясынын директору К. Алымкуловага Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган сөздүктөрдү белекке берди.



Архив