Улуттук университетте кыргыз тилин санариптештирүүнүн маселелери талкууланды
2023-жылдын 22-февраль күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында журналистика факультети менен ULUT SOFT  компаниясы  биргеликте уюштурган "Кыргыз тилин санариптештирүүнүн маселелери" аталышындагы кереге кеңеш болуп өттү. 
Жыйын манасчы Замирбек Баяливдин "Манас" эпосунан үзүндү айтуусу, төкмө акын Азамат Болгонбаевдин ыры, К.Молдобосанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптар ансамбли менен Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиин ансамблинин аткаруусундагы элдик ыр-күүлөр жана "Билге клуб" окуу борборунун бийчи кыздарынын аткаруусундагы бийлер менен башталды.
Факультеттин теле-радиожурналистика кафедрасы тарабынан Эне тилдин эл аралык күнүнө карата даярдалган видео-ролик көрсөтүлгөн соң, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Садык Алахан Эне тил күнүнө арналган иш чаралар бир айдан бери өткөрүлүп, КУУнун окутуучу-профессорлору менен студенттери аларга активдүү катышып жаткандыгын, бул кереге кеңеш да ошол иш-чаралардын бири экендигин белгилеп, сөз кезегин Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахмановго берди. 
Ректор алгач иш-чаранын уюштуруучуларына, Бишкек шаарынын ар кайсы жогоку окуу жайларынан убакыт таап, мамлекеттик тилге күйөрман болуп, жыйынга катышып отурган меймандарга жана студенттерге ыраазычылык билдирди.
- Улуттук университет дегенден кийин, бул жер улуттук дух, улуттук тил, улуттук маданият, улуттук нарк-насил, улуттук менталитет орун-очок алган, ушул жерден кайнап, бышып чыга турган окуу жайы болуш керек, - деп сөзүн улантты Төлөбек Абдырахманов. - Жакында Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен Кыргызстандын 5 университетине өзгөчө статус берилди. Ал жарлыкты аткаруу үчүн абдан көп иштер жүрүп атат: ар бир университет 2027-жылга чейинки 5 жылдык стратегиялык пландарды кабыл алууда. Министрлер Кабинетинин төрагасынын, анын орун басарынын түздөн-түз катышуусу менен ар бир жылда жасала турган ишке конкреттүү мөөнөттөр, сандар, проценттер коюлуп, ошону ишке ашыруунун үстүндө иштеп атабыз.
- 5 университеттин ар биринин өзүнүн багыты бар: медицина, политехника, агрардык жана башка. Ошол жактан алып караганда, биздин университет социалдык-гуманитардык багытты алып кете ала турган университет катары бааланып, ушул багытта көбүрөөк ишти алып барганга аркет кылып атабыз. Ал иштердин бири - улуттук долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашыруу. Россия Федерациясында 11 улуттук долбоор бар. Биздин Кыргызстанда да ушундай улуттук долбоорлорду иштеп чыгып, анын конкреттүү аткаруучулары болсо жакшы иштер болот эле. Ошонун ичинде, улуттук тил маселесин көтөрүп атабыз. Биздин университетте кыргыз филологиясы жана журналистика факультеттери бар.
- Санариптештрүү боюнча, бизде маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультети бар. Азыр болсо "Информатика жана жасалма интеллект" институту кылып атабыз. Чынын айтканда, жасалма интеллект боюнча Кыргызстанда институт жок. Бирок, качандыр бир кезде ачылыш керек, бирөө башташ керек. Аталган институтту биз Түштүк Кореянын Кемён университетинин көмөгү менен ачып атабыз. Буйруса, жемишин берет. Андан сырткары, бизде математика жана информатика факультети да бар. Мындайча айтканда, потенциал бар, дарамет бар, каалоо бар. Белсенип ишке киришип атабыз. Журналистика факультетинде “санариптик журналистика” деген багытты киргизип атабыз.
Сөзүнүн соңунда ректор кыргыз тили абдан бай тил экендигин, Улуттук университет аны санариптештирүүгө салым кошконго кадам таштаганын белгилеп, бул багытта КУУ менен Улуттук комиссия биргеликте жакшы иштерди алып бараарына жана бул жыйында катышып отурган инсандар ULUT SOFT компаниясынын директору Мирбек мырзанын презентациясын көргөндөн кийин  кызыктуу талкуу болуп, сунуштар айтылып, жакшы жыйынтыктар чыгаарына ишенээрин билдирди жана кереге кеңештин ишине ийгиликтерди каалады.
Андан кийин ал ULUT SOFT компаниясынын директору Мирбек Окенов менен "Билге клуб" окуу борборунун хореографы Асел Миңбаевага КУУнун ыраазычылык катын тапшырды.
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев жыйындын катышуучуларын Эне тилдин эл аралык күнү менен кызуу куттуктап, журналистика факультетинин теле-радиожурналистика кафедрасынын башчысы Зарылкан Алымбаевага өзү жетектеген комиссиянын "Кыргыз тил" төш белгисин, ал эми ошол эле кафедранын окутуучусу Жанара Акматбековага "Ардак грамотасын" тапшырды.
КУттуктоолордон кийин кереге кеңештин илимий бөлүгү башталып, ULUT SOFT компаниясынын директору Мирбек Окенов кыргыз тилин санариптештирүү боюнча баяндама жасады. Ал аталган маселенин азыркы учурдагы абалы, көйгөйлөрү тууралуу сөз кылып, ал көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарын айтты. Баяндама катышуучулардын кызыгуусун жаратып, көптөгөн суроолор берилип, ой-пикирлер айтылды.


Булак.: Ж.Баласагын атындагы КУУнун расмий баракчасы: https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=pfbid0rLJVZCxAaFUc6VJFBrQrGncSGsya6PEMzFTJ5UbZqCi2efNqkvNpmFGsM5TUBzKml&id=100063596951024&sfnsn=mo&mibextid=VhDh1V

Архив