«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун талкуулоо боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү

          2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин чечими менен аталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүлдү. Парламенттик угууну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетин төрайымы В.К. Раимбачаева алып барды. 


Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 13-беренесине ылайык кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат жана мамлекеттик тилди колдонуу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Аталган ченемди жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2023-жылдын 18-январында биринчи окууда кабыл алынган. 


Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонуунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин колдонууда жарандардын укуктарын камсыз кылат. 


Баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор К. Осмоналиев өз сөзүндө мыйзамдын маани-мазмуну, максатына кеңири токтолуп, анын актуалдуулугун баса белгиледи жана биринчи окуудан кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынан, коомдук уюмдардан, жарандардан келип түшкөн сунуш-пикирлер тууралуу маалымат берип, жыйындын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.


Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО ж.б. эл аралык уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, жарандык активисттер, окумуштуулар, журналисттер, студенттер катышышты жана өзүлөрүн кызыктырган суроолору боюнча ойлорун билдиришти. Талкуу маалында КР УИАнын академиги С.Мусаев, УТРКнын журналисти Сонунбүбү Кадырова, Кыргыз эл акыны Тазагүл Закирова, Бириккен Улуттар уюмунун Балдар фондунун Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, журналист Жазгүл Карбозова, компьютердик технологиялар боюнча адис Эмил Асановдор бир топ пикирлерин билдиришти. 


Жыйынтыгында Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева айтылган бардык ой-пикирлер маанилүү экенин белгилеп, мыйзам долбоорун экинчи окууда сунуштар эске алынарын билдирди.


Архив