“Токмок шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы”

   2023-жылдын 1-мартында Токмок шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Токмок шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болуп өттү. 


Жыйында каралган маселелер:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы. 


2. Токмок шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия төрагасы Каныбек Осмоналиев, Токмок шаарынын вице-мэри А.О.СулаймановЧүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Т.Алмакунов, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери,  билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Токмок шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери катышты.  Жыйынды Токмок шаарыны мэринин орун басары ачып, сөздү К.Осмоналиевге берди. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын сөзүнөн кийин Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысына сөз берилди.        Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана Токмок шаарындагы көрнөк-жарнак, көрүнөө маалыматтардын абалы, мекеме, уюмдарда иш-кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүүсү тууралуу маалыматтар айтылды жана кыргыз класстар көп болсун деген сунуштар айтылды. 

Архив