Кант шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы


2023-жылдын 1-мартында Кант шаарынын мэриясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Кант шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болуп өттү.  


Жыйында каралган маселелер:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы. 

2. Кант шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы.

Иш-чарага КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия төрагасы Каныбек Осмоналиев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Топоева-Ставинская, Кант шаарынын мэри У.Майлибашев, Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Н.Сагынбаев, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери,  билим берүү мекемелеринин жетекчилери, Кант шаарынын мэриясынын аппаратынын кызматкерлери катышты.  Ошондой эле «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кант шаарынын мэриясында жана №2 жалпы орто билим берүү мектебинде мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча флешмоб форматындагы чакан тесттерди уюштурду. Флешмобго Кант шаарынын мэриясынын, Ысык-Ата районунун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери, мектеп директорлору жана мугалимдери активдүү катышып, жалпысынан 83 адам чакан тесттен өттү.

Жыйынды Кант шаарынын мэри У.Майлибашев ачып жана сөз кезеги КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиевге “Мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана нарктуу мамлекеттик кызматчыны калыптандырууда мамлекеттик тилдин ролу” боюнча берилди. Маалымат  фото, слайд менен коштолду. 

Андан ары суроо-жооптор менен коштолуп, сунуштар берилди.

-   Кант жылуулук менен камсыздоо ишканасынын кадрлар бөлүмүнүн башчысына 85 % иш кагаздар расмий тилде алып барылгандыгынын себебин сураганда, иш кагаздар расмий тилде келип сөздүк жок жана техникалык терминдер которулбаганын айтты. 

- Кийинки сөз «Кыргызтест» мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду» деген аталыштагы баяндамасында «Кыргызтесттин» иши жана алдыдагы максаттары тууралуу кеңири айтып берди. 

-  Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Н.Табалдиев иш кагаздарды   жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик тил  жана расмий тилде алып баруусу боюнча диаграммаларды көрүп “биз мамлекеттик тилде иш кагазды жүргүзүлүшүнө убада беребиз жана көзөмөлгө алабыз”- деп сөз берди.

- Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык секторунун башчысы  Г.Т. Шайлдабекова мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди конкурска катышууда документтердин тизмесинде мамлекетик тилин билишин талап кылынсын деген сунушун берди.



Кант шаарынын мэри У.Майлибашев  жыйындын аягында шаар ичинде көп эле кемчиликтер бар   ишканалардын, көчөлөрдүн аталышы, кулактандыруулар жана башка өз иретине келтиришибиз керек. Маалымат үчүн жана   сынак тестин уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирди.     

Архив