Ош шаарында мамлекеттик тил жана жарнама мыйзамынын аткарылышы боюнча жыйын болду

Бүгүн Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясында Мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу жыйын болуп өттү.

      Жыйынга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.Толтоев, Ош шаарынын вице-мэри Н.Кадыров  жана райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, Ош шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын,  билим берүү мекемелеринин, айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. 

       Бул иш-чарада Ош облусунун район, шаарларынан келген жетекчилер өздөрүнө тиешелүү аймактагы абал тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле төрага К.Осмоналиев Мамлекеттик органдарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу кенен баяндама жасады.

        Соңунда мамлекеттик тилге салым кошкон инсандарга Улуттук комиссиянын сыйлыктары ыйгарылды.

Архив