Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетекчилик курамына “Сабаттуу жазуунун” алкагында жат жазуу жаздырылды

2023-жылдын 24-март күнү “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2023-жылга карата түзүлгөн иш-мерчемди бекитүү жөнүндө” буйругунун талаптарын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясында “Сабаттуу жазуу” аталышында жат жазуу өткөрүлдү.

Чүй облусунун ИИББнын начальнигинин орун басарлары, башкармалыктын, өз алдынча кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн, “Манас” аэропортунун ТБА ТБнын начальнигинин орун басары, Чүй облусунуна карашту ШРИИБдин, начальниктери, орун басарлары, бөлүмчөлөрдүн начальниктери жана Чүй облусунун МКК ӨБнын командири, орун басары болуп, жалпы 76 кызматкер катышып, “Кыргыз элинин улуттук баалуулуктары” деген темада жат жазуу жазышты. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМнин Башкы штабынын мамлекеттик тил бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Айбек Орозакунов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын маалымат катчысы Кутмырза Жакыбалиев, Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын Тилге даярдык кафедрасынын начальниги милициянын майору Каниет Шүкүров катышып, учурдун талабы, кыргыз тили боюнча билимди тереңдетүү экенин белгилеп кетишти.


Булак.: Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы


Архив