“Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болуп өттү
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын бөлүм башчысынын орун басары О.Э.Капалбаев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ж.Абдраимов, Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыров, Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү  катышты.
Жыйында “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конститутциялык мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелер каралды.
Бул чогулушту  Бишкек шаарынын мэри Э.Абдыкадыров ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Сапарбекович Касмамбетов мекенчилдик ойлорун ортого салып, мэриянын жооптуу кызматкерлерине дем берди. Андан соң Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Мырзакулович Абдыкадыров “Бишкек шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү” кенен боюнча маалымат берди. Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрация башчыларынын маалыматтары айтылды. 
1) Биринчи май району, Сазыкулов Максатбек Шекербекович
 2) Свердлов району, Саргазаков Максатбек Таштанбекович
 3) Ленин району, Тагаев Русланбек Таштанбекович
 4) Октябрь району, Дороев Азамат Кубанычбекович
КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич  “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу кенен баяндама жасап, кемчиликтерин баса белгиледи. “Кыргыз тили” гезитинин редактору Д. Керимов да урунттуу учурларга токтолду. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская  “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” аттуу Кыргызтест системасы жөнүндө маалымат берди.
Архив