“Балыкчы шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын болуп өттү
Бүгүн Балыкчы шаарында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жыйын болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат, Балыкчы шаарынын мамлекеттик администрация жетекчилери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Жыйында “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конститутциялык мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелер каралды.
Бул чогулушту Балыкчы шаарынын мэри Арнабек уулу Азамат ачып, “Балыкчы шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү” боюнча маалымат берди. Андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу, Балыкчы шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы" тууралуу кенен баяндама жасады. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” аттуу Кыргызтест системасы жөнүндө маалымат берди.
Архив