Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жыйын болуп өттү
Бүгүн Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу жыйын болду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская, КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Далиев Улан Эшенович, Чолпон-Ата шаарынын мэри Ормонов Жапарбек Туратович, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары  Акматова Динара Асанкуловна, Чолпон-Ата шаарынын мамлекеттик администрация жетекчилери, билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
Жыйында “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги №15 протоколдук тапшырмасынын аткарылышы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР конститутциялык мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы тууралуу маселелер каралды.
Бул чогулушта КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары  Далиев Улан Эшенович “Ысык-Көл облусунда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү”, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары  Акматова Динара Асанкуловна “Ысык-Көл районунда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү”, Чолпон-Ата шаарынын мэри Ормонов Жапарбек Туратович “Чолпон-Ата шаарында мамлекеттик тилдин колдонулушу жана өнүгүшү” боюнча маалыматтарын беришти. 
Андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Мамлекеттик органдардагы мамлекеттик тилдин колдонулушу, Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик тилдин абалы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамынын долбоору жана “Кыргыз Республикасынын жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы" тууралуу кенен баяндама жасады. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” аттуу Кыргызтест системасы жөнүндө маалымат берди.
Архив