Сокулук, Москва райондорундагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча жеринде жыйын өттү

Бүгүн Сокулукта Чүй облусуна караштуу Сокулук жана Москва райондорундагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болуп өттү. 

Жыйында каралган маселелер:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы. 

2. Сокулук, Москва райондорундагы мамлекеттик тилдин абалы.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Гүлмира Алимбековна Кыштообаева, Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Козуев Ниязбек Эгемкулович, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ташкулов Илияз Акжигитович, Шопоков шаарынын мэри Бекболотов Адылбек Токойбекович, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Жыйынды Сокулук  райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ташкулов Илияз Акжигитович ачып, сөздү К.Осмоналиевге берди. Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана Шопоков шаарындагы жана Сокулук, Москва райондорундагы көрнөк-жарнак, көрүнөө маалыматтардын абалы, мекеме, уюмдарда иш-кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүүсү тууралуу маалыматтар айтылды. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” аттуу Кыргызтест системасы жөнүндө маалымат берди.

Архив