Кара-Балта шаарында мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын өттү

Бүгүн Кара-Балта шаарында Чүй облусуна караштуу Жайыл, Панфилов райондорундагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Мамлекеттик, муниципалдык органдардагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду. 

Жыйында каралган маселелер:

1. “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” КР Министрлер Кабинетинин 30.04.2022. №15 Протоколдук тапшырмасынын аткарылышы. 

2. Жайыл, Панфилов райондорундагы мамлекеттик тилдин абалы.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кыштообаева Гүлмира Алимбековна, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Түркбаев Төрөгелди Калыбекович , Кара-Балта шаарынын мэри Жекшенов Мирлан Ратынбекович, Кайыңды шаарынын мэри  Жумабаев Эрнур Нурадинович, шаардык мамлекеттик администрацияларынын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты. Жыйынды Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Түркбаев Төрөгелди Калыбекович ачып, сөздү К.Осмоналиевге берди. Жыйындын жүрүшүндө К.Осмоналиев мамлекеттик тил мыйзамынын аткарылышы, мамлекеттик мекемелеринин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы жана Кара-Балта, Кайыңды шаарларындагы, Жайыл, Панфилов райондорундагы көрнөк-жарнак, көрүнөө маалыматтардын абалы, мекеме, уюмдарда иш-кагаздардын мамлекеттик тилде жүргүзүлүүсү тууралуу кенен баяндама жасады. Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди өнүктүрүүдөгү орду” аттуу Кыргызтест системасы жөнүндө маалымат берди.


Архив